ДКО: КЫРГЫЗ-КАЗАК ТӨКМӨЛӨРҮ КЫРЧЫНДА ҮЧ КҮН БОЮ АЙТЫШ КУРАТ
- 27.08.2026
- 0
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 2026-жылдын 2–4-сентябрында Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда кыргыз жана казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өткөрүлөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматы боюнча, бул иш-чара эки элдин кылымдардан бери келе жаткан руханий жана маданий байланышын бекемдөөгө, төкмөлүк өнөрдү даңазалоого, ошондой эле улуттук баалуулуктарды жаш муундар арасында кеңири жайылтууга багытталган.
Программага ылайык, айтыш 2-сентябрда саат 17:00дө, 3-сентябрда 17:20да жана 4-сентябрда 13:30да башталат.
Эл аралык айтышка эки өлкөнүн тандалма төкмө акындары катышып, өнөр таймашын курушат. Анда Кыргызстандын намысын Чыңгызхан Кожошев, Акматбек Султан уулу, Асылбек Маратов, Жылдызбек Төрөканов, Кубат Тукешов, Нурсултан Малдыбаев, Кутман Садыбакасов, Элмирбек Иманалиевдер коргосо, Казакстандын атынан Бекарыс Шойбеков, Мухтар Ниязов, Марат Ахметов баштаган белгилүү таланттар чыгышат.
А.К., «КБ»
Комментарийлер