ДИРЕКТОРДУН АЧЫК САБАГЫ
- 13.10.2023
- 0
12-октябрда Кара-Суу районундагы Топ-Терек негизги мектебинин директору Назира Шайлиева 7-класска тарых сабагынан ачык сабак өттү.
Назира Шайлиева — Кара-Суу районундагы жаш директорлордун бири. Ал өткөн жылы мектеп директорлорун тандоо сынагына катышып, өзү мурунтан иштеп келген мектепке жетекчи болуп дайындалган. Арадан бир жылга жетпеген убакыт өткөнү менен айылдын билим берүү уясында бир топ өзгөрүүлөр болду. Эң башкысы, жаңы жетекчи жамаатты бир максатка бириктире алды. Өзү да бардык жерде мугалимдерге үлгү болуп иштегенди жактырат.
— Устат педагог Гапыр Мадаминов жылына 25 ачык сабак өтөт экен. Мугалимдерден талап кылгандан мурун жетекчилер, өзүбүз да, ар иште аларга өрнөк болушубуз керек, – дейт ал.
Ачык сабак чынында кызыктуу болду. Үй тапшырмасы «Индия орто кылымдарда» деген тема болгондуктан, класстагы балдар эки топко бөлүнүп иштеди. Топторду «Гималай», «Тадж-Махал» деп атап алышты. Сабактагы «Кытай орто кылымдарда» деген жаңы теманын алкагында кызуу талкуу жүрдү. Окуучулар буга чейин билгендерин айтышты. Окуучулар орто кылымда Кытай өнүгүү үстүндө болуп, Конфуцийдин окуулары, анын накыл кептери өлкөнүн өнүгүшүнө зор салымын кошконун телевизордон көрүштү. Анан «Ар ким өз ордун жана өз милдетин билгенде гана мамлекеттин түркүгү бекийт», «Өткөн менен жашаган — бактысыздык. Келечек менен жашаган – кыялкеч. Бүгүнкү күн менен жашаган – жеңил ойлуу. Ошондуктан өткөн, бүгүнкү күн жана келечек менен жашаган – акылмандык», «Кечиримдүүлүк — адамдагы башкы сапат» деген акыл-насаат сөздөрү класста талкууланды. Мугалим балдарды гумандуу болуу менен бирге өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуу атуулдук милдети экенин түшүндүрдү. Бышыктоого балдарга кыска жоопту талап кылган тесттик суроолор берилди. Сабакта туура жоопторду тапкан окуучулар «Мыктысың!», «Азаматсың!» деген медалдар менен сыйланды.
Ачык сабакка мектептеги 6 жаш мугалим жана агартууда жарым кылымга тете иштеген Карыбекова Марал эжеке катышты.
— Жаштарга эле эмес, мага да бүгүнкү сабак жакты. Мугалим баарынан мурун балдарды билим алууга шыктандырып турушу керектигин билдим. Классты топторго бөлүп, жарыштырып өткөнү да өзгөчө болду, – деди ардагер мугалим.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер