ДЕН СООЛУГУНАН МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН 29 БАЛА ҮЙДӨ ОКУШАТ
- 10.02.2025
- 0
Нарын облусунун Баетов айылында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуудагы маселелери боюнча тегерек стол өттү.
Маалыматка таянсак, ден соолугунан мүмкүнчүлугү чектелген балдарга жеткиликтүү билим берүү, коомго аралашуусуна шарттарды түзүп берүү максатында өткөрүлгөн тегерек столго тиешелүү жетекчилер, ата-энелер катышты.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Сыдыковдун айтымында, район боюнча мектеп жашындагы 138 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар. Анын ичинен 11 бала медициналык корутундун негизинде окубайт. Ал эми 98 бала мектепте окуса, 29 окуучуга мугалимдер үйлөрүнө барып билим беришет.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер