ДЕМИЛГЕДЕН ЖАРАЛГАН ИЙГИЛИК
- 15.04.2026
- 0
Баткендик жаш дыйкандар кантип киреше табышканы жөнүндө
Баткен облусундагы Кызыл-Жол мектебиндеги “Жаш эколог” ийриминин окуучулары мектептин короосунда чакан күнөскана уюштуруп, алган түшүмүнөн 30 миң сом киреше табышты.

Ийримдин катышуучулары мектептин короосундагы күл төгүлчү жерди тазалап казып, үстүнө топурак төгүп ал жерге помидор, бадыраңдын үрөнүн өстүрүп, көчөттөрүн айылдаштарына сатуу аркылуу кирешеге чыгышкан. Аларга Кызыл-Жол мектебинин базасында ачылган “Жаш эколог” ийриминин жетекчиси, ата-энелер жана мектеп жетекчилиги жакындан колдоо көрсөтүштү.
Долбоор кантип башталды?
“Жаш эколог” ийриминин жетекчиси Сапаргүл Кушматова жазында “Жаш эколог” ийриминдеги 20 окуучу менен кеңешип, мектеп короосуна чакан күнөскана уюштуруп, ал жерге помидор, бадыраңдын үрөнүн өндүрөлү деген чечимге келишкен. Бул чечимди ишке ашыруу үчүн окуучулар менен бирге “Күнөскана деген эмне? Күнөскананы кантип даярдайт? “Күнөскананы кантип иштетүү керек?” деген темаларды талкуулашып, кыска убакыт ичинде ал тууралуу интернет булактарынан, китептерден, эжей-агайлардан жана ошондой эле ата-энелерден маалымат чогултуп, даярдыктан өтүштү. Андан соң мектеп короосундагы күл төгүлчү жерди иштетүүгө берүүсүн өтүнүп мектеп директору кайрылышты. Мектеп жетекчилиги бул долбоорду кубануу менен кабыл алып гана тим болбой, ал жерди тазалаганга көмөктөштү. Бирок жерди даярдоо учурунда ал жердин күрдүүлүгү (топурагы начар) алсыз экенин байкашат. Себеби ал жер буга чейин күл төгүлчү жер болгондуктан помидор, бадыраң үрөнү өнбөй калуу коркунучу бар эле. Алар ушул кырдаалды эске алып, мектебине жакын жердеги чоң суунун жээгиндеги шиленди топуракты ташып келип төгүштү. Ийримге катышып жаткан окуучунун атасы портер автоунаасына жүктөп келип берди. Дагы бир ата-эне күнөсканага керектүү болгон жаа сымал ийилген зымдарын колдонууга берсе, дагы бир окуучунун ата-энеси помидор, бадыраңдын үрөндөрүн өндүрүүгө жардам берди. Жыйынтыгында топуракты дайындап, үрөндү сээп, жаа сымал ийилген зымдарды жерге орнотуп, үстүн кленка менен жаап помидор, бадыраң көчөттөрү өнүп чыгып сатууга жарагыча жакшы карашат.

Ошентип өнүп чыккан көчөттөрдү сатууга кезек жеткенде ийрим жетекчиси окуучулары менен кайра кеңешке чогулушту. Анткени алынган түшүм алардын эмгегин баалап, түшкөн кирешесин аныктап бериши керек эле. Окуучулардын бири ватсап топторду колдонууну сунуштайт. Бул сунуш баарына жагып, Кызыл-Жол мектебинин окуучулары өндүргөн көчөттөрдү сатып алууга болору тууралуу видео кайрылууну тексти, байланыш телефон номурлары менен кошо айылдагы ата-энелердин ватсап группаларына бөлүшүп баштайт. Бул жарыя айылга бат тарап, коңшу айылдан тарта адамдар келип помидор, бадыраң көчөттөрү эки жума ичинде сатылып кетет. Жыйынтыгында жалпы чыгым 3 миң сом коротулуп башталган чакан күнөсканадан окуучулар 30 миң сом киреше табышты.
Жаш натуралисттер ошону менен эле токтоп калбастан, чакан күнөсканадагы бош калган орундарга ашкабактын үрөнүн себишти. Күзүндө 40 даанадан ашык ашкабакты мектеп ашканасына ысык тамак жасап окуучуларга берүү үчүн ашпозчуларга өткөрүп беришти.
Баса, окуучулар жайкы эс алууга кетишкенде ашкабактарды сугарып, карап жакындан жардам берген мектеп жетекчилигине, ата-энелерге жана кароолчуга ыраазычылык билдиребиз!

Бийик РЫСКУЛОВ,
Республикалык экология, аймак таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борборунун директору
Комментарийлер