ДҮЙШӨН СУЛТАНКУЛОВ

  • 22.09.2023
  • 0

ДҮЙШӨН СУЛТАНКУЛОВ

КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту оор жоготууга учурады. 2023-жылы 18-сентябрь күнү узакка созулган оорудан улам Билим берүүнүн менеджменти кафедрасынын ага окутуучусу Султанкулов Дүйшөн Итибаевич дүйнөдөн кайтты.

Белгилүү педагог, КР маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, КР мугалимдеринин билимин өркүндөтүү институтунун окутуучусу, Эл аралык жазуучулар союзунун мүчөсү, Россия Федерациясынын илим жана маданият илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Антуан де Сенте Экзюпери атындагы Лондон сыйлыгынын лауреаты узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.

Дүйшөн Султанкулов бүтүндөй өмүрүн мектепке арнады, Токтогул районунда мектептерде жана элге билим берүү бөлүмүндө иштеп, билим берүүнүн деңгээлин көтөрүүгө зор эмгек сиңирди. Райондун новатор мугалимдерин республикага таратты. Райондо биринчи гимназия мектебин уюштурууда чыгармачылыгын жана көрөгөчтүгүн көрсөттү. КР РМБӨИ иштеген мезгилде окутуунун жаңы технологияларын колдонуунун жолдорун пайдаланып, КР мектептерине билим берүүгө жаңыча мамиле маселелерин таратты, мектеп менен ата-эненин жана коомчулуктун өнөктөшүп иштөөсүнүн жол жоболорун иштеп чыкты.

Дүйшөн Султанкулов педагогикалык ишмердигин чыгармачылык менен айкалыштырып, балдардын табиятка жана жаныбарларга карата тунук сезимдерин чагылдырган “Кызыл короз” жана “Керзи өтүк” деген аңгемелери дүйнөлүк балдар адабиятта жылуу кабыл алынып, эл аралык сыйлыктарга татыды.

Дүйшөн Султанкуловдун педагогикалык жана чыгармачылык эмгеги үчүн КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамы жана Саякбай Каралаев атындагы медаль менен сыйланган.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун жалпы жамааты маркумдун үй-бүлөсү менен жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт. Ага окутуучу Султанкулов Дүйшөн Итибаевичтин жаркын элеси институттун эмгек жамаатынын эсинде түбөлүккө
сакталат!

Бөлүшүү

Комментарийлер