ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНЫН ЫКТЫЯРЧЫЛАРЫ ҮЧҮН ТИМБИЛДИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 05.08.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Ыктыярчылар штабы менен биргеликте ыктыярчылар үчүн тимбилдинг иш-чарасы өткөрүлдү.

ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНЫН ЫКТЫЯРЧЫЛАРЫ ҮЧҮН ТИМБИЛДИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

Маалыматка таянсак, иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышып, ыктыярчыларга кайрылуу жасады. Ал өз сөзүндө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүүдө ыктыярчылардын ролу өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Ошондой эле ыктыярчылар өлкөнүн жүзү экенин айтып, алардын жоопкерчиликтүү жана кесипкөй ишмердүүлүгү Кыргызстандын меймандостугун, уюштуруучулук дараметин жана эл аралык аброюн дүйнөгө таанытууга олуттуу салым кошорун баса белгиледи.

ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНЫН ЫКТЫЯРЧЫЛАРЫ ҮЧҮН ТИМБИЛДИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү иш-чараларынын алкагында уюштурулган тимбилдинг ыктыярчылардын командалык иштөө жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, өз ара кызматташууну чыңдоого, лидерлик сапаттарын өркүндөтүүгө жана уюштуруучулук көндүмдөрүн бекемдөөгө багытталды.

ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНЫН ЫКТЫЯРЧЫЛАРЫ ҮЧҮН ТИМБИЛДИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

Тимбилдингге жалпысынан 600дөн ашуун ыктыярчы катышты.

Программанын алкагында улуттук спорттун түрлөрү, интеллектуалдык оюндар, практикалык машыгуулар жана командалык тапшырмалар уюштурулду. Катышуучулар боз үй тигүү, кыргыз күрөшү, алыш бел боо күрөшү, кол күрөш, жаа атуу, аркан тартыш, таяк тартыш, тогуз коргоол боюнча күч сынашып, ошондой эле Кыргыз Кызыл Ай Коомунун өкүлдөрү тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикалык окуудан өтүштү. Мындан тышкары, ЮНИСЕФ тарабынан уюштурулган интерактивдүү командалык машыгуулар өткөрүлдү.

ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНЫН ЫКТЫЯРЧЫЛАРЫ ҮЧҮН ТИМБИЛДИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНЫН ЫКТЫЯРЧЫЛАРЫ ҮЧҮН ТИМБИЛДИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНЫН ЫКТЫЯРЧЫЛАРЫ ҮЧҮН ТИМБИЛДИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

Иш-чаранын жүрүшүндө ыктыярчылар коопсуздук боюнча нускама алып, ар бир локацияда адистердин жана машыктыруучулардын жетекчилиги астында практикалык тапшырмаларды аткарышты.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ар түрдүү функционалдык багыттар боюнча кызмат өтөй турган ыктыярчылар даярдалууда. Алар оюндардын жүрүшүндө расмий делегацияларды жана чет өлкөлүк конокторду тосуп алуу, маалыматтык коштоо, логистикалык процесстерди уюштуруу, спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү сыяктуу жооптуу милдеттерди аткарышат.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер