Дүйнө чемпионаты (U-23): Тайырбек Жумашбек уулу коло медаль утту

  • 25.10.2023
  • 0

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Дүйнө чемпионаты (U-23): Тайырбек Жумашбек уулу коло медаль утту

Чемпионат Албаниянын Тиран шаарында өтүп жатат.

Спортчу 61 кг чейинки салмакта алгач 1/8 финалдык беттеште украиналык балбанды жеңсе, ¼ финалдык беттеште азербайжандык спортчуну уткан. Жарым финалдык беттеште казакстандык балбанга жеңилген.

Ал эми коло медаль үчүн беттеште индиялык спортчуну жеңип, 3-орунду камсыздады.

Бөлүшүү

Комментарийлер