Д.КЕНДИРБАЕВА ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ МЕКТЕПТЕР МЕНЕН БАЛА БАКЧАЛАРДЫ КЫДЫРУУДА

  • 13.06.2025
  • 0

Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор-Ата шаарындагы Н.Исанов атындагы жатак-мектепке барды.

Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор-Ата шаарындагы Н.Исанов атындагы жатак-мектепке барды.

Д.КЕНДИРБАЕВА ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ МЕКТЕПТЕР МЕНЕН БАЛА БАКЧАЛАРДЫ КЫДЫРУУДА

Маалыматтык саясат бөлүмүнүн берген маалыматына таянсак, министр жатак-мектептин окуу корпустарынын жана жатаканаларынын абалын жеринен көрүп, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Жатак-мектепти толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө көмөк көрсөтүүсүн мектеп жетекчилиги министрден өтүндү. Өз кезегинде министр берилген сунуштар эске алынарын, көтөрүлгөн бардык маселелер көз жаздымда калбай турганын билдирди.

Белгилей кетсек, 2 окуу корпусунан жана 2 жатаканадан турган 700 орундуу бул жатак-мектеп 1962-жылы курулуп, типтүү мектеп катары ишке берилген. Бүгүнкү күндө бул мектепте 874 окуучу билим алууда, анын 192си мектептин жатаканасында жатып окуйт.

Жатак-мектептин карамагындагы 4 гектар жерде балдардын тамактануусуна көмөк катары атайын күнөскана уюштурулган. Анда жашылча, бадыраң, помидор өстүрүлөт, сүт жана эт багытында 10 уй багылат.

Жалал-Абадга болгон иш сапарынын алкагында министр Кочкор-Ата шаарындагы №60 “Керемет балдар” бала бакчасына да баш бакты.

Белгилей кетсек, бул бала бакча жеке ишкер Исхак Пирматовдун демөөрчүлүгү менен курулуп, 2025-жылдын 1-июнунда пайдаланууга берилген. Бала бакча 200 орунга ылайыкталып, бардык шарттары каралган, балдар электрондук кезек системасы аркылуу кабыл алынып, штаттык режимде иштеп жатат.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер