Д.КЕНДИРБАЕВА: КЕСИПКЕ ЭЭ БОЛУУ — АДАМДЫК КАПИТАЛГА КОШКОН НЕГИЗГИ САЛЫМ!
- 05.11.2024
- 0
Мектептик билим берүү системасын он эки жылдык форматка которууда заманбап окуу программалары жана илимге, технологияга, инженерияга жана математикага өзгөчө басым жасоо менен дүйнөлүк стандарттарга ылайыкташтырылган заманбап окуу китептери менен камсыз кылуу каралган.
Бул жаатта министрдин айтуусунда, PISA жана TIMSS изилдөөлөрүндө биринчи орунду алган өлкөлөрдөн STEM окуу китептерин алуу чечими кабыл алынды – булар Кембридж жана Оксфорд басмаканаларынын окуу китептери, жана аларды улуттук контекстке ылайыкташтыруу.
— STEM окуу китептери балдарды учурдун татаал маселелери, анын ичинде жашыл экономика, климаттын өзгөрүшү сыяктуу маселелерге даярдоого үйрөтөт. STEM долбоорлору балдарды стандарттуу эмес ой жүгүртүүгө, жаңы идеяларды жаратууга жана инновациялык чечимдерди табууга түрткү берет. (ТӨМ-4.7, ТӨМ-11, ТӨМ-12, ТӨМ-13). “Окуу китеп” Басма үйү 83 миллион сомго математика жана табият таануу предметтери боюнча Маршалл Кавендишдин лицензиясын сатып алды. Ошондой эле улуттук контексттеги гуманитардык циклдин башка предметтери боюнча «Окуу китеп» Басма үйү жергиликтүү басмалар жана авторлор менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт, окуу китептеринин кол жазмаларын конкурстук негизде тандап алат, тиешелүү экспертизаларды уюштурат жана окуу китептерин басып чыгарууга даярдайт. Биринчи жолу 2025-жылы окуу китептерин басып чыгарууга эле 744 миллион сом бөлүнөт. Кошумча каражат изделүүдө. Жалпысынан окуу китептерин басып чыгарууга (ар кандай булактардан) дээрлик 2 миллиард сом бөлүүнү пландаштырып жатабыз. Билим берүү парадигмасын өзгөртүү предметтик, педагогикалык стандарттарды жана талаптарды толук жаңыртууга да алып келет. Он эки жылдык билим берүүнүн форматында бизде адистик (физика, математика, лингвистика, программалоо), ошондой эле кесиптик билим — терең изилдөө (минималдуу — тигүүчү, ашпозчу, жыгач уста, мейманкана кызматы) болот деп ойлойбуз. Кесипке ээ болуу — адамдык капиталга кошкон негизги салым! – деди өз сөзүндө министр. (Улуттук өнүгүү форуму – 2024, 4.10.24)
Бул функционалдык сабаттуулукту жакшыраак өнүктүрүүгө — башкача айтканда, окуу программадан тышкаркы турмуштук кырдаалдарды чечүүгө мүмкүндүк берет.
Он эки жылдык мектепте билим берүүнүн максаты — алты (6) жаштагы балдарды жүз пайыз (100%) билим менен камсыз кылуу болуп саналат (учурда мектепке чейинки камтуу элүү алты пайызды (56%) түзөт).
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер