ДҮЙШӨН ШАМАТОВДУН ӨЗГӨЧӨ ЮБИЛЕЙИ

Профессор Дүйшөн Шаматов 2019-жылы 5-январда 50 жылдык юбилейин башкача белгилеп, өрнөк болгудай жөрөлгөнү баштаганы унутулбайт. Туулган күнүндө ысырапчыл той өткөрүүнүн ордуна өзү окуган айылдык мектепте мугалимдер, окуучулар жана ата-энелердин катышуусу менен «Ата-энелердин, мектептердин жана жамааттардын өнөктөштүгү аркылуу мектеп окуучуларынын комплекстүү өнүгүүсү» аттуу бир күндүк иш-чараны уюштурган эле.

ДҮЙШӨН ШАМАТОВДУН ӨЗГӨЧӨ ЮБИЛЕЙИ

Казакстан менен Кыргызстандын таанымал педагогдору катышкан бул өзгөчө жыйында Д. Шаматовго Кыргыз Республикасынын «Билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси ыйгарылды.
Ошол мааракенин жүрүшүн чагылдырган тасманы «Кут Билимдин» окурмандарына сунуштайбыз. Мындагы абдан мазмундуу баяндамалар, талкуулар, алгылыктуу сунуштар сиздерди кайдыгер калтырбайт деп ойлойбуз.

Бөлүшүү

Комментарийлер