ДҮЙШӨН ШАМАТОВ — НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН «УСТАТ ОКУТУУЧУСУ»

  • 03.07.2020
  • 0

ДҮЙШӨН ШАМАТОВ - НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН «УСТАТ ОКУТУУЧУСУ»

 

Казакстандын Назарбаев Университетинин Жогорку билим берүү мектебинин профессору, биздин жердешибиз Дүйшөн Шаматов НУнун «Мыкты Окутуучу» сыйлыгынын «Устат Окутуучу» номинациясына татыктуу деп табылды. Буга чейин профессор Шаматов 2018-жылы НУда «Новатор Окутуучу» жана 2019-жылы «Лидер Окутуучу» деген сыйлыктарды жеңип алган. Сыйлык тапшыруу аземи сентябрга белгиленген.

— Дүйнөнүн булуң-бурчунан келген 500дөн ашык профессордун арасынан бул сыйлыкты алуу оӊой болгон жок. Бирок бул жалгыз өзүмдүн эмес, менин мектепте, ОшМУда, Пакистан жана Канадада окуткан агай-эжейлеримдин да жеңиши деп эсептейм, — деди Шаматов.

Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземи ушул жылдын сентябрь айында виртуалдык негизде өткөрүлөт.

Назарбаев Университетинин окуу иштери боюнча проректору, доктор Лоретта О-Доннеллдин жеӊүүчүгө жазган куттук сөзүнөн:

— Комитет сиздин Назарбаев Университетинде билим берүүдө башкаларга үлгү болгонуңузду өзгөчө белгилейт. Сиздин инновациялык окутуу менен бирге, изилдөөгө негизделген окутуу усулдарын түптөгөнүңүздү жана өз билиминизди НУда, Казакстан жана жалпы эле региондогу кесиптештер менен дайыма бөлүшүүгө даяр экениӊизди жогору баалайбыз.  Сиздин ишиңиз биздин окуу жайдын кадыр-баркын көтөрүүгө түздөн-түз тааасир этип жатат. Сизге жана кесиптештериңизге рахмат, биз Казакстан үчүн эл аралык университет түзүп жатабыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер