ДҮЙШӨН АГАЙДЫН САБАГЫ

  • 23.08.2018
  • 0

ДҮЙШӨН АГАЙДЫН САБАГЫ

«Ааламга жол айылдан башталат» демекчи, «Аймактарды өнүктүрүү жылына» карата биз сыймыктанган жердешибиз, Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов өзүнүн жайкы эс алуу убактысын текке кетирбей, 6-август күнү Оштун Отуз-Адырындагы Мамасалы Тешебаев ат. №9 орто мектепте, 7-августта Кара Суу шаарындагы Манас орто мектебинде жана 8-август күнү Ош Мамлекеттик университетинин Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде үч күн катары менен «Окутуунун заманбап усулдары» деген темада абдан кызыктуу семинар өткөрдү.

ДҮЙШӨН АГАЙДЫН САБАГЫ

Дүйшөн агайдын Отуз-Адыр айылында өткөргөн семинарына Алай, Кара-Суу райондорунан мугалимдер, ОшМУнун окутуучулары келип катышты. «Таанышуу», «Эки жалган, бир чын», «Кутучада эмне бар?», «Сөздөрдөн эки сүйлөм түзүү», «Муз жаргыч», «Бузук телефон», «Сүрөт тартуу», «Ооз кыймылы менен сөз табуу», «Сүрөттөрдүн жардамы менен тайпаларга бөлүнүү (курак/пазл)», «Баарлашып иштөө», «Имарат куруу» көнүгүүлөрүн тайпаларда катышуучулар практика жүзүндө колдонуп көрүштү. Семинар тайпалар курган имараттарды башка тайпалардын алдында презентациялоо менен жыйынтыкталды. Булардын баары мугалимдердин купулуна толду.

ДҮЙШӨН АГАЙДЫН САБАГЫ

Агайдын жөнөкөйлүгү, сабак өтүүдөгү чеберчилиги ар бир катышуучуга аздыр-көптүр «жукту» деп ойлойм. Чыгармачыл окутууда колдонгон «No-low-cost» материалдарын өтө жеткиликтүү түшүндүрүп берди. Мисалга алсак, кадимки эле суусундук ичүүдө колдонулуучу желим түтүкчөлөрдү «Имарат куруу» көнүгүүсүндө курулуш материалдары катары пайдаланганы чеберчилик эмей эмне?

Семинар өз максатына жетти, анткени ар бир катышуучу үчүн жемиштүү болду.  Катышуучулардын бири белгилегендей, «Дүйшөн агай окутуунун эффективдүү ыкмаларынын сырларынан сырткары, сабырдуулукка, пикирди уга билүү адебине, моралдык дилемма аркылуу ойлонууга, туура чечим кабыл алууга үйрөткөн сонун сабак берди. Ар ким өзүнүн гана оюн жактап калган заманда башкалардын пикирин урматтоону, уга билүү, туура тыянак чыгара билүү көндүмдөрүнө ээ болдук». Агай семинарды өзү эле алып барбастан, мугалимдерди да жигердүү катыштырып, алардын билгендерин эстетти, жаңылыктар менен толуктады, байытты.

Чыныгы интеллектуал, жан дүйнөсү бай асыл инсан экен Дүйшөн агай!

Агайыбыздын келечек ээлерин адамгерчиликтин туу чокусуна баштаган чыйыр жолу байсалдуу болсун!

 

Гүлмайрам Жанболотова, М. Тешебаев ат. №9 орто мектептин мугалими

Гүлзада Эргешова, ОшМУнун окутуучусу

Д. Шаматовдун сабагында колдонулган слайд:

 

Окутуу усулдары август 2018

Бөлүшүү

Комментарийлер