ДҮЙНӨЛҮК ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ЖАРЫШКА ЖАРАГАН ОКУУЧУЛАР

  • 27.04.2019
  • 0

Каракол шаарындагы Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи ачылгандан берки чейрек кылымдан ашуун убакыт ичинде “Сапат” лицейлеринин арасынан интеллектуалдык потенциалы чоң,  заманбап мультимедиялык технологиялык базасы бар, билим-тарбия сапаты бийик  окуу жай катары таанылды. Лицейдин ондогон таланттуу окуучулары улуттук жана эл аралык билим сынактарында эң жакшы ийгиликтерге жетишүүдө.

 

ДҮЙНӨЛҮК ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ЖАРЫШКА ЖАРАГАН ОКУУЧУЛАР

Ысык-Көл лицейи 1992-жылы ачылып, белгилүү окумуштуу түрколог, лингвист, лексикограф  Хусейин Карасаевдин ысымы берилген. Азыркы учурда Ысык-Көл, Нарын, Ош, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынан окуучулар келип окушат.

 

Бекитилген окуу планына ылайык, сабактар табигый-математикалык предметтер англис тилинде, калган сабактар кыргыз жана орус тилдеринде окутулат. 9-класстан кийин профилдик окутуу системасына өтүп, 3 багытта: физика-математикалык багыт, табигый-математикалык багыт жана социалдык-гуманитардык багыт менен эки жыл окуусун улантат.

 

Заманбап электрондук технология

 

Окуу процесси мезгил талабына жараша акыркы моделдеги компьютерлер жана мультимедия системасы менен жабдылган, ар бир сабакты кызыктуу өтүүгө шарты бар кабинеттерде өткөрүлөт. Заманбап технологияны колдонууну утурлай лицей электрондук журналга өтүп эки жылдан бери колдонулуп келет.

 

Окуу лабораторияларында жаңы муундагы куралдар, приборлор менен практикалык жана лабораториялык иштер жүргүзүлөт. Элүүдөн ашык кабинет интернетке байланышкан жана окуучулар аны акысыз пайдаланат. Биология, химия жана физика лабораториялары керектүү жабдуулар менен камсыздалган.

 

Лицей ичинде жана жалпы «Сапат» лицейлери арасында жардамдашуу, кечиримдүүлүк сыяктуу темаларда сүрөт тартуу конкурстары, достук, мекен сүйүүсү, улууларга урмат көрсөтүү ж.б темаларда видео тартуу жана дилбаян жазуу сымал көптөгөн конкурстар өткөрүлүп турат.

 

Китепканада окуучулар электрондук китептерден кеңири пайдалануусун жана электрондук тапшырмаларын ыңгайлуу шарттарда аткарууларын максат кылып атайын компьютерлер менен жабдылган. Китепкананын фондусунда 18989 китеп бар.  Англис тилин окутууда Англиядан атайын алынган Oxford жана Cambrige окуу материалдары, китеп, колдонмо китепчелер жана аудио, видео дисктер колдонулат. Так илимдер атактуу Zambak байсма үйүнөн чыгарылган китептер аркылуу окутулат.

 

Тажрыйбалуу жана креативдүү мугалимдер

 

Лицейде ар бир класстын башында экиден класс жетекчилери жана бирден тарбиячысы бар.

Мугалимдер жамаатында көп жылдык стажы бар, өз ишин мыкты билген ар улуттун мугалимдери эмгектенет. Алардын катарын «Сапат» лицейлерин бүтүрүп, кийин абройлуу эл аралык университеттерди аяктап, мугалимдик кесипти аркалаган креативдүү жаш мугалимдер толуктоодо.

 

Окуу процесси үч тараптуу болот эмеспи. Анын сыңарындай, мугалим менен окуучунун гана биргелешип иштегени аздык кылып, билим майданындагы күрөштө үчүнчү күч болгон ата-эненин салымы да алда канча маанилүү. Лицей үчүн ар дайым ардактуу болгон ата-энелерге байма-бай түрдүү иш-чаралар, спорттук мелдештер, курстар семинарлар өткөрүлүп келет.

 

Окуучулар үчүн мыкты шарттарда жатакана, үч маал ысык тамагы менен ашкана жана окуучулардын коопсуздугун сактаган күзөт 24 саат бою кызматта.

 

Дүйнөгө чабыттаган бүтүрүүчүлөр

 

Табигый-так илимдерди англис тилинде окуунун жана профилдик окутуунун натыйжасы менен чет өлкөлөргө, анын ичинен эң мыкты топ университеттерге жана Кыргызстандын эң мыкты жогорку окуу жайларына ийгиликтүү тапшыруу максатында атайын коллеж коунселинг (College Counseling) системасы иштеп келет. Бул системанын жемиши катары 2018-жылы лицейди аяктагандар учурда АКШда, Европада, Россияда, Кытайда, КМШ өлкөлөрүндө жана Кыргызстанда алдыңкы жогорку окуу жайларда окуусун улантышууда.

Лицейдин бүтүрүүчүлөрү дүйнөдөгү алдыңкы мекеме-ишканаларда эмгектенишип, ошону менен бирге өлкөсүнө да чоң салым кошуп келишет. Лицейде бүтүрүүчүлөр менен иш алып барган атайын Бүтүрүүчүлөр координаторлугу иштейт.

 

Улуттук деңгээлдеги жана эл аралык ийгиликтери

 

Лицей Ысык-Көл облусунун эң мыкты мектептеринин бири болуп саналат. Ага облустук, республикалык жана дүйнөлүк олимпиадаларда жетишкен ийгиликтери далил боло алат.

Лицейдин окуучулары 1992-жылдан 2019-жылга чейин облустук олимпиадаларда 200 биринчи орун, 127 экинчи орун, 120 үчүнчү орун, республикалык олимпиадаларда 47 биринчи орун, 38 экинчи орун, 33 үчүнчү орун ээлешкен.

Ал эми эл аралык жана дүйнөлүк олимпиадаларда 14 алтын, 23 күмүш, 16 коло медалга ээ болушкан. Ушул эле жылдары 69 окуучу өзгөчө аттестат алышса, жогорку республикалык тестирлөөдө  сегиз  окуучу алтын сертификатка ээ болду.

ДҮЙНӨЛҮК ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ЖАРЫШКА ЖАРАГАН ОКУУЧУЛАР

Быйыл облустук олимпиадада лицейдин окуучулары 14 окуучу байгелүү орунга жетишти. Алардан алты окуучу 1-орун, төрт окуучу 2-орун жана төрт  окуучу 3-орунду багындырды.

Республикалык олимпиадада үч окуучу байгелүү орунга жетишти. Информатика сабагы боюнча Өмүрбек Джамалов 1-орун, физика сабагынан Тимур Тынычбеков 2-орун, биология сабагынан Ахимия сабагынан Токтобеков Камиль 4-орунду алды.

Кыргызстандын атынан дүйнөлүк олимпиадага лицейден беш окуучу жолдомо алды. Алар:

информатика сабагынан Өмүрбек Джамалов, физикадан Тимур Тынычбеков, биологиядан Аятбек Кубанов, химиядан Камиль Токтобеков жана химиядан Нурсултан Соодонбеков.

Мындан тышкары, эл аралык долбоор олимпиадаларынан дагы бир топ ийгиликтер бар.

Жакында эле болуп өткөн олимпиадалардан мисал катары 12-14-апрель күндөрү Малайзияда болгон «Эл аралык ойлоп табуучулардын олимпиадасы 2019» (MIYIO 2019) олимпиадасына 11 өлкөдөн 6 категория боюнча 235 долбоор менен 500 окуучу катышты. Лицейдин окуучулары үч алтын, эки коло медаль жеңип алышты.

ДҮЙНӨЛҮК ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ЖАРЫШКА ЖАРАГАН ОКУУЧУЛАР

Өмүрбек Джамалов информатика сабагынан республикалык олимпиадада биринчи орунду жеңип, дүйнөлүк олимпиадага жолдомо алды

Химия категориясынан Адилет Өмүров алтын медаль, биология категориясынан Эрзат Имангазиев жана Улукбек Кубанычбеков атын медаль, физика категориясынан Денис Саломатин жана Адилет Бекмукамбетов коло медалга ээ болушту.

10-14-апрель күндөрү Алматы шаарында Инфоматрикс Азия 2019 олимпиадасы болуп өттү. 10 мамлекеттен 500 окуучу катышып, 7 категориядан болду. Лицейдин окуучулары 3 категориядан катышып, Оморов Амаль дрон жарышы категориясы боюнча алтын медалга ээ болду.

ДҮЙНӨЛҮК ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ЖАРЫШКА ЖАРАГАН ОКУУЧУЛАР

Жалпы республикалык тестирлөөдөн былтыр эки окуучу алтын сертификатка ээ болушкан. Алар Азамат Мырзабек жана Бектур Бектенов.

 

 

Чолпон Жолдошева

 

Бөлүшүү

Комментарийлер