«COVID 19: БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМГЕ КАЙРАДАН САРЕСЕП» I ФОРУМУ ӨТТҮ

  • 26.06.2020
  • 0

«COVID 19: БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМГЕ КАЙРАДАН САРЕСЕП»  I ФОРУМУ ӨТТҮ

 

Онлайн Университети платформасы 22-23-24-июнь күндөрү, «COVID 19: Билим берүү жана илимге кайрадан саресеп» I Форумун  ийгиликтүү өткөрдү.

Форумду Онлайн университетинин негиздөөчүсү Элира Турдубаева ачты. Илимий жыйынга КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров, Кыргыз Билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомаметов, Борбордук Азия регионалдык институтунун төрагасы Алмаз Бейшеналиев, Борбордук Азия университетинин Билим берүүнү өнүктүрүү программасынын координатору Жамал Папиева, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доц. милд. атк. Бактыбек Исаков, антропология илимдеринин доктору, Макс Планк институтунун  изилдөөчүсү Махабат Садырбек,  Лейбниц Чыгыш таануу борборунун илимий изилдөөчүсү, Берлиндеги Мартин Лютер университетинин окутуучусу Аксана Исмаилбекова, билим берүү эксперти Бакытбек Абдуллаев жана башка окумуштуулар менен мугалимдер катышышты.

Форумда пандемия шартында билим берүүдөгү жаңы көрүнүштөр, онлайн окутуунун өзгөчөлүктөрү, глобалдык атаандаштыкта Кыргызстандагы билим берүүнүн жана илимдин сапатын жогорулатуу тууралуу маселелер ортого салынды.

Иш-чаранын 22-июнда өткөн «Мектеп: башкаруу жана окутуу ресурстары» аттуу I отурумдагы резолюцияга баяндамачылар мектеп мугалимдерине даяр келген видео сабактарды колдонууга үгүттөбөй, өздөрүнүн материалдарын колдонууну сунушташып, жеке видео сабактарды даярдоо үчүн тийиштүү тренинг, вебинарларды өткөрүү зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле мугалимдерге онлайн форматта болсо да өз ара тажрыйба алмашууга шарт түзүп берип, айрыкча, окуучуларды китеп окууга жана сабакка кызыгуусун шыктандыруунун жолдорун үйрөтүү зарыл экендиги белгиленди. Мектептерде мугалим, окуучу жана ата-энелердин ортосунда интерактивдүү онлайн мамилени камсыз кылган тренингдерди өткөрүү кенештери ортого салынды. COVID 19дан алынган сабактар тууралуу кеңири маалыматтар айтылып, пандемия шартында билим берүү тармагындагы көзгө урунган артыкчылыктар менен кемчиликтер белгиленди.

Ал эми II отурумда «Жогорку окуу жайлар: өнүгүү багыттары, аккредитация жана онлайн окутуу маселелери» каралып, Борбордук Азиядагы Америка университетинин доценти Чынаркүл Рыскулова билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн көз каранды эмес аккредитация системасын жакшыртуу, педагогика адистиктери үчүн кесиптик аккредитация агенттигин түзүү керектигин сунуштады.

“Ар бир ЖОЖдо аккредитация бөлүмүн түзүү, ал бөлүм окутуунун сапатын жакшыртуу боюнча үзгүлтүксүз иш жүргүзүшү керек. сапаттуу билим берүүнү маданиятка айландыруу зарыл. Аккредитация процессиндеги кагаз иши студенттерге билим алуу сапатынын жогорулашын камсыздабасына токтолду да, ага кеткен убакытты  кыскартууну ЖОЖ окутуучуларына аккредитация, окутуунун жыйынтыктары жана компетенциялар боюнча тренингдерди өткөрүүнү зарыл», — деди Ч.Рыскулова.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти, илимдин доктору Рита Исмаилова болсо онлайн билим берүүнү өнүктүрүү үчүн студенттердин санариптик билимин жогорулатуу зарылдыгын белгилеп өттү. “Онлайн экзамендерде окуучу даяр жоопту көчүрүп алалбай турган системаны иштеп чыгуу керек. Ошондой эле билим алуу мотивациясын жогорулатуу маанилүү, студенттер баа эмес, билим үчүн онлайн сабактарга катышканда гана онлайн билим алуу сапаттуу болот. Гибрид түрүндөгү билим берүү — бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн биринчи кадам болуп бере алат, анткени онлайн билим берүү жана кадимки билим берүүнүн жакшы тараптарын комбинациялоого мүмкүнчүлүк берет», — деген пикирин билдирди ал.

Ошондой эле педагогика илиминин доктору Кадиан Бообекова студенттерге өз алдынча иштөө, изденүү мүмкүнчүлүгүн түзүү керектигин, сынак же билимди өлчөп баалоо үчүн балдардын өз алдынча иштөөсүнө, чыгармачылыгын өстүрүүсүнө багыт берүү, мөөнөтүн так белгилөө, кайтарым байланыш курууну камсыз кылуу маанилүү экендигин айтты.

Ал эми «Илимий изилдөөлөрдү жаңы деңгээлге көтөрүү жолдору» деген Форумдун III отурумда студенттердин илимий иштерин уюштурууну кайра карап чыгуу зарылдыгы, академиялык чынчылдык, плагиат маселеси жана эл аралык талаптарга ылайык илимий макала жазуу жана дүйнөдөгү абройлуу илимий басылмаларга макала жарыялоо жолдору тууралуу айтылды.

Борбордук Азиядагы Америка университетинин доценти Мукарам Токтогулова студенттерди илимий иштерге даярдоо ырааттуу жана үзгүлтүксүз жүргүзүлүүсү керек, ЖОЖдордун окуу программаларына  милдеттүү түрдө “Изилдөө усулдары”,  “Изилдөө практикасы”,  “Академиялык жазуу”, “Дипломдук ишке даярдоо” сабактарын киргизген оң» — деген сунуш киргизди.

Ошондой эле, ЖОЖдун окутуучуларынын жана илимпоздордун илимий иштерин жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча резолюцияда ЖОЖ окутуучулары үчүн изилдөө ишин жазуу боюнча, сандык жана сапаттык изилдөө усулдары боюнча тренингдерди өткөрүү зарыл экендиги айтылды.

Аны менен катар Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Китепкана жана иш кагазар башкармалыгынын башчысы Максатбек Ынакбеков эл аралык илимий журналдардын макала жазуу боюнча талаптарын, аларды тандоо жолдорун түшүндүргөн семинарларды өткөрүү күндүн орчундуу талаптарынан экенин белгилеп өттү. Мындан тышкары, илимий журналдарга жазылуу жана эл аралык басмалардан чыккан жаңы илимий китептерди сатып алып, бардык ЖОЖдор колдоно ала турган база түзүү бүтүн Кыргызстандын окумуштууларына жардам болот деген пикирлер ортого салынды.

 

Эске салсак, «Үйрөнүүнү үйрөн» урааны менен иш алып барган Онлайн Университети платформасы мектеп мугалимдерине жана ЖОЖ окутуучуларына кесиптик өнүгүүгө багытталган бир катар вебинарлар сериясын, түрдүү илим тармагында олуттуу эмгек жараткан окумуштуулардын изилдөөсү жана табылгаларын тааныштырган маектерди уюштуруп, ошондой эле коомдук актуалдуу көйгөйлөр тууралуу ачык талкууларды өткөрүп келет.

 

Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097 [email protected]  

Фейсбук баракчабыз: https://www.facebook.com/Online-University-115299963491739/posts/

 

Бөлүшүү

Комментарийлер