Чуңкурчак жайлоосунда кымыз этнофестивалы өтөт

  • 02.08.2023
  • 0

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуӊкурчак жайлоосунда республикалык деңгээлде “Kымыз-FEST – 2023” этнофестивалы өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, иш-чара 5-августта өтөт. Анын жүрүшүндө боз үй шаарчалары тигилип, бээнин сүтүнөн жасалган кымыздын жана кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары, асыл тукум жаныбарлардын жарманкеси, ошондой эле спорттун үч түрү: аркан тартыш, кол күрөш жана таяк тартыш боюнча мелдештер жана башка иш-чаралар уюштурулат.

Кароо- сынактын жыйынтыгы менен катышуучуларга сыйлыктар тапшырылат.

Фестивалдын максаты кыргыз элинин үрп-адаттары аркылуу улуттук суусундук катары бээнин сүтүнөн даярдалган кымыздын тарыхый баалуулугун, асылдыгын жалпы жаш муундарга жайылтуу менен кымызды ичүүнүн маданиятын, анын жасоо шарттары жана түрлөрү, ошондой эле, ден соолукка пайдалуулугу зор экендиги жөнүндө коомчулукка кеңири маалымат жайылтуу болуп саналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер