ЧОЛПОНБЕК ТИЛЕНБАЕВ — ДҮЙНӨЛҮК ШАХМАТТА КАЙРАДАН КЫРГЫЗСТАНДЫ ТААНЫТТЫ
- 28.05.2026
- 0
Былтыр Грециянын Крит аралында өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп, Кыргызстандын тарыхында ардагерлер арасында шахматтан дүйнө чемпиону болгон алгачкы инсан катары тарых жараткан билим берүүнүн ардагери Чолпонбек Тиленбаев быйыл дагы дүйнөлүк аренада өлкө намысын бийик көтөрдү.
2026-жылдын 15-23-май күндөрү Грекиянын Кос аралында өткөн SUPER SENIOR категориясындагы дүйнө чемпионатында кыргызстандык белгилүү педагог жана шахматчы Чолпонбек Тиленбаев коло медаль жеңип алды.
Бул чемпионат Германиянын ACO Amateur Chess Organization уюму тарабынан уюштурулуп, дүйнөнүн 18 мамлекетинен келген 70 мыкты шахматчыны бириктирди. Ар бир партия бир нече саатка созулуп, интеллектуалдык чыңалуу, темирдей сабыр жана терең стратегия талап кылды. Мындай ири таймашта байгелүү орунга жетүү — зор чеберчиликтин жана күчтүү мүнөздүн көрсөткүчү.
Чолпонбек Тиленбаев үчүн бул ийгилик кокустук эмес. Бул — өмүр бою билимге, тарбияга, интеллектке жана өзүн өнүктүрүүгө берилген адамдын мыйзам ченемдүү жеңиши.
Эң кызыгы, дүйнө чемпионатындагы эң өзгөчө окуялардын бири дагы дал кыргызстандык шахматчынын аты менен байланыштуу болду.
Чемпионаттын калыстар тобундагы дүйнөгө белгилүү британиялык гроссмейстер Дэниел Кинг Чолпонбек Тиленбаевдин бир партиясын өзүнчө бөлүп көрсөтүп, ага “Чемпионаттын эң мыкты оюну” деген атайын сыйлык тапшырды. Мындан тышкары бул партия дүйнөлүк шахмат сүйүүчүлөрү көргөн популярдуу YouTube каналына чыгарылып, адистер тарабынан жогорку баага татыды.
Бул эми жөн гана упай же медаль тууралуу кеп эмес. Бул — шахматтагы ой жүгүртүүнүн тереңдиги, интеллектинин күчү, сабырдуулук, так эсеп жана оюнга болгон чыныгы сүйүү тууралуу тарыхый окуя.
Чолпонбек агайдын улуу кызы Гүлкайыр Тиленбаева атасы тууралуу мындай дейт:
“Атамдын жанында жүргөндө адамдын ички оту, жан-дүйнөсү ойгонуп, жашоого болгон кызыгуусу артып, тартиптүүлүгү, сабырдуулугу жана өз ишин сүйүүсү канчалык маанилүү экенин дагы терең сезесиң. Шахмат ал үчүн жөн гана спорт эмес. Ал — анын мүнөзүнүн, ой жүгүртүүсүнүн, тагдырынын жана жашоосунун бир бөлүгү.Үй-бүлөлүк салты улантуусу, жаштарга шык, дем берип, акыл таймашууга чакырыгы.
Эң негизгиси — мындай адамдар өзүнүн өрнөгү менен башкаларды токтоп калбоого, өнүгүүгө жана жашоого кызыгуу менен кароого шыктандырат. Былтыр атабыз ушул Греция өлкөсүнөн Кыргызстандын тарыхында шахматтан дүйнө чемпиону болуп келип, тарых жараткан эле ”.
Чындыгында, Чолпонбек Тиленбаевдин жеңиштеринин философиясы, маңызы да дал ушунда.
Ал жашоосунун көп бөлүгүн, тагдырын билим берүү тармагына арнады. Нарын шаарындагы мектептерде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, №2 В.Чкалов атындагы орто мектепте директор болуп иштеп, кийин Билим берүү министрлигинде жетекчилик кызматтарды аркалады. “1992-жылдын мугалими” наамын алган педагог бүгүн дагы жаштарга интеллектуалдык тарбия берип келет.
Ардактуу эс алууга чыккандан кийин дагы токтоп калган жок. Тескерисинче, шахмат аркылуу жаңы муунду тарбиялоого белсенип киришкенине бир топ жыл болду. Учурда “Тиленбаева атындагы балдар шахмат борборунда” жаш шахматчыларды машыктырып, болочок чемпиондорду өстүрүүдө.
Анын “65-75 жаш — адамдын эң жемиштүү мезгили” деген сөзү бүгүн өзүнүн жеке тагдыры аркылуу далилденип турат.
Чолпонбек Тиленбаевдин дүйнөлүк аренадагы ийгилиги — бул бир гана спорттук жетишкендик эмес. Бул — кыргыз интеллектинин жеңиши. Бул — билимдин, тартиптин, эрктин жана руханий күчтүн жеңиши. Эң башкысы — бул жаштар үчүн чоң сабак жана үлгү.
Анткени чыныгы чемпиондук жаш курак менен эмес, адамдын ички дүйнөсү, изденүүсү жана жашоого болгон сүйүүсү менен өлчөнөт.
Кылымдардан бери акыл таймашы катары бааланган шахматта кыргызстандык ардагер спортчунун дүйнөлүк аренада кайрадан байгелүү орунду ээлеши — элибиз үчүн чоң сыймык жана келечек муундар үчүн зор мотивация.
Эске сала кетсек, Чолпонбек Тиленбаев 2025-жылдын октябрь айында Грекиянын Крит аралында өткөн дүйнө чемпионатында SENIOR категориясында алтын медаль утуп, Кыргызстандын тарыхында ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болгон алгачкы шахматчы катары тарых жараткан эле. Бул ирет дагы ал өзүнүн туруктуу деңгээлин көрсөтүп, дүйнө чемпионатынын коло байгесине ээ болду.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы
(Атайын «Кут Билим» медиа борбору үчүн)
Комментарийлер