ЧОЛПОНБАЙДЫН ЭРДИГИНЕ АРНАЛДЫ

  • 09.05.2022
  • 0

Жакында Бишкек шаарындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернатта Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгына карата адабий-музыкалык иш-чара болуп өттү.

ЧОЛПОНБАЙДЫН ЭРДИГИНЕ АРНАЛДЫ

Тарыхый датага арналган бул кечени мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Токтосунова Г. С. өзү жетектеген 5-“А” классынын окуучулары менен биргеликте жогорку деңгээлде уюштурду. Иш-чарага жалпы мугалимдер, окуучулар жана 5-“А” классынын окуучуларынын ата-энелери келип катышып, балдарынын талантына күбө болушту.

ЧОЛПОНБАЙДЫН ЭРДИГИНЕ АРНАЛДЫ

Андан тышкары, ар бир класс жетекчи жана тарбиячы тарбиялык сааттарды өтүштү. Китепканада болсо Ч.Түлөбердиевдин бурчу уюштурулуп, окуучулар Улуу Жеңишке арналган видеороликтерди көрүштү.

СҮЙҮНДҮКОВА Мейизгүл, Бишкек шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер