ЧОЛПОН-АТАДА ОКУУЧУЛАРДЫН ОБЛУСТУК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ СЛЕТУ БОЛУП ӨТТҮ

  • 25.11.2022
  • 0

Чолпон-Ата шаарындагы А.Осмонов атындагы “Билим ордо” мектеп комплексинин базасында облустук масштабдагы лидер окуучулардын слету жана конференция өткөрүлдү.

ЧОЛПОН-АТАДА ОКУУЧУЛАРДЫН ОБЛУСТУК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ СЛЕТУ БОЛУП ӨТТҮ

24-ноябрда Ысык-Көл облустук билим берүү бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Руханий адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгынын алкагында, жаш өспүрүмдөр арасында укук бузууларды, зордук зомбулукту, тартип бузууларды алдын алуу, болтурбоо максатында, мектеп окуучуларынын өзүн өзү башкаруу уюмдарынын ишин жакшыртуу, достукка, биримдикке чакыруу жана тажрыйба алмашуу максатында слет өткөрдү. Слетко облустун бардык районунан мектеп окуучулары катышты. Катышуучуларга атайын сыйлыктар жана мактоо баракчалары тапшырылды.

Фархат Каныбеков, «Кут билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер