ЧОЛПОН-АТАДА «КӨЧМӨНДӨР ЖАҢЫРЫГЫ» ФЕСТИВАЛЫНЫН АЧЫЛЫШ АЗЕМИ ӨТТҮ
- 02.09.2026
- 0
1-сентябрда Чолпон-Ата шаарынын ат майданында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлүп жаткан «Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык этно-музыка фестивалынын расмий ачылыш аземи жогорку деңгээлде өттү. 
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева катышты. 
Көчмөн элдердин музыкалык мурасын, салттуу аткаруучулук өнөрүн жана улуттук маданиятын кеңири жайылтууга багытталган бул эл аралык фестивалга Кыргызстандын гана эмес, чет өлкөлөрдөн келген көрүнүктүү өнөрпоздор жана чыгармачыл топтор катышууда. 
Ачылыш аземдин жүрүшүндө катышуучулар улуттук аспаптардын коштоосунда өз өлкөлөрүнүн салттуу музыкалык чыгармаларын тартуулап, өзгөчө өнөрлөрүн көрүүчүлөргө тартуулашты. Аткарылган музыкалык номерлер аркылуу ар түрдүү элдердин бай тарыхы, салт-санаасы жана маданий баалуулуктары чагылдырылды. 
Жалпысынан, «Көчмөндөр жаңырыгы» фестивалы ар кайсы өлкөлөрдүн салттуу музыкасын бир сахнага топтоо менен маданий байланыштарды бекемдөөгө жана элдердин ортосундагы достукту чыңдоого чоң өбөлгө түзүүдө.
А.К., «КБ»
Комментарийлер