ЧАТКАЛДА МУГАЛИМДЕР, ТАРБИЯЧЫЛАР ЖАНА АТА-ЭНЕЛЕР ҮЧҮН СЕМИНАРЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ
- 17.08.2026
- 0
Үстүбүздөгү жылдын 14–16-август күндөрү Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн чакыруусу жана жергиликтүү ишкер Адисбек Шекеновдун колдоосу менен Каныш-Кыя жана Терек-Сай айыл аймактарында билим берүү тармагындагы кызматкерлер жана ата-энелер үчүн бир катар көчмө семинарлар ийгиликтүү өткөрүлдү. Ага аймактагы мектеп мугалимдери, бала бакча тарбиячылары, методисттер жана окуучулардын ата-энелери активдүү катышты.
Иш-чарага Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмаз Токтомаметов, башкы адистер Асылбек Жоодонбеков жана Акын Эргешов, ошондой эле «Алиппе Про» билим берүү мекемесинин аткаруучу директору Казыбек Асылбеков атайын барып, мугалимдер жана ата-энелер менен маанилүү маселелер боюнча жакындан пикир алышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө институттун директору Алмаз Токтомаметов азыркы учурда билим берүү тармагында жүрүп жаткан реформалар, алардын өзгөчөлүктөрү жана өзгөрүп жаткан шарттагы заманбап мугалимдин коомдогу орду тууралуу кеңири маалымат берди. Ал эми башкы адис Асылбек Жоодонбеков ата-эне, мугалим жана баланын ортосундагы өз ара түшүнүшүү, кызматташтык жана ишенимдүү мамиленин маанисине токтолсо, Казыбек Асылбеков окуучулардын өз алдынчалыгын өнүктүрүү, баланын жеке мүмкүнчүлүктөрүн ачуу жана мугалимдин бул процесстеги ролу тууралуу практикалык мисалдар менен бөлүштү.
Семинарлар интерактивдүү талкуулар, суроо-жооптор жана жандуу пикир алмашуулар менен коштолду. Мугалимдер менен ата-энелер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, билим берүүдө кездешкен актуалдуу маселелер боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Мындай жолугушуулар мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө гана эмес, билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын — мугалим, ата-эне жана окуучунун — натыйжалуу кызматташтыгын бекемдөөгө чоң өбөлгө түзөрү белгиленди. 
Иш-чаранын соңунда бул маанилүү семинарларды уюштурууга жана өткөрүүгө жакындан колдоо көрсөткөн Акын Эргешовго, жергиликтүү ишкер Адисбек Шекеновго жана Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Адилет Салимбай уулуна терең ыраазычылык билдирилди.
А.К., «КБ»
Комментарийлер