Чаткал районунун Ак-Таш айылында Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу белгиленди
- 23.09.2025
- 0
Чаткал районунун Ак-Таш айылындагы Усупбек уулу Кубатбек атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата өзгөчө маанайдагы иш-чара өттү. Мектептеги кыргыз тилчи мугалимдер Бекешова Токтобүбү, Молдотаева Чолпонай жана Сурапбаева Самара тарабынан уюштурулган бул майрамдык иш-чара окуучуларга патриоттук дух тартуулап, кыргыз тилине болгон сүйүүнү арттырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө атайын даярдалган топ мугалимдерди жана окуучуларды жылуу маанай менен тосуп алып, макал-лакаптарын айтып, кыргыз тили тууралуу ырларды окутуп, оюн-зоок жана тапшырмалар аркылуу катышуучуларды иш-чаранын жүрүшүнө активдүү тартты.

Өзгөчө 5-класстын окуучулары «Кыргыз тили — биздин сыймыгыбыз!» деген ураан менен чыгып, мамлекеттик тилди баалоо, сүйүү жана колдонуу тууралуу чакырыктарды айтышты.
Мектеп жамааты жана жетекчилиги уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип, кыргыз тилин бир гана бүгүн эмес, күн сайын баалап, колдонуп, аны келечек муунга татыктуу өткөрүп берүү ар бир жарандын ыйык милдети экенин баса белгилешти.
(БК)
Комментарийлер