ЧАЙКАНАДАГЫ БААРЛАШУУ

  • 17.12.2019
  • 0

Бишкек шаарындагы №186 бала бакчанын жамааты ата-энелер менен тыгыз байланышты күчөтүү максатында “Чайканадагы баарлашуу” иш-чарасын өткөрүштү.

№186 бала бакчанын директору Дилнара Майгулакованын берген маалыматына таянсак,  бул иш-чарага нааразы болгон, ошол эле кезде  ыраазы болгон, бир нерсеге кызыккан ата-энелер  чакырылган.

  • Ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек болуп атат. Бакчага келип эле арызданып, урушуп жатып калышат. Илгеркилер накыл сөз, макал-лакаптар менен балдарды тарбиялашкан. Өзүнчө эреже жок болчу да. Апалар макалды айтса, ошол кулакка сиңип, балдар ойлонуп, ошо менен тарбияланган. Капаров Жеңиш деген атабыз “Жети атаңды билесиңби?” деген чакан лекция окуду. Көрсө, илимде далилденген экен, каргыш, урушчаак, ушакчы деген нерселер тукум кууйт экен. Ошонун маанисин Жеңиш ата түшүндүрдү. Эгерде ата-энеси бир нерсеге нааразы болуп, бир нерсеге таарынган болсо ошолордун урпактары урушчаак болот экен. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячылары ата-энелердин бала бакчага кантип келип, кантип кетишерин оюн аркылуу көрсөтүштү. Айрымдары уялып да калышты. Жыйынтыгында бир айда бир жолу ар кандай тематика менен ушундай иш-чараны өткөрүп, нааразы ата-энелерди жакындатып, билим берүү шарттарын түшүндүрөлү дедик, — дейт бала бакчанын директору.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер