ЧАЧЫ ЭҢ УЗУН ОКУУЧУ КЫЗ

  • 22.01.2018
  • 0

Кыргыз элинде «Кыздын кырк чачы улуу» деп айтылган жакшы сөз бар. Ооба, жакшы кам көрүлгөн чач кыздарга өзгөчө көрк берип турганы талашсыз. 15 жаштагы Айсулуу Узенканова дагы башкалардан өзгөчө чачы менен айырмаланып турат.

ЧАЧЫ ЭҢ УЗУН ОКУУЧУ КЫЗ

Учурда Айсулуу Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебинин чачы эң узун окуучусу.

— Мектеп босогосун 2009-жылы аттап, учурда Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебинин 9-классында билим алып жатам. Мен чачымды 10 жашымдан бери өстүрүп келем. Кичине кезимден баштап узун чач жаккандыктан чачыма аяр мамиле жасай баштадым. Азыр чачымдын узундугу 97 см. болду, — дейт ал.

Айсулуунун чачына байланыштуу кызыктуу окуялар көп болот. Ал чачын эч качан башка түскө боёп көргөн эмес.

— Сабак учурунда арткы партада отурган классташтарым чачымды тарткылап, тийишип ойногон учурлар көп кездешет. Мен келечекте дарыгер болуп, адамдарга жардам берип, ден соолуктарын чыңдагым келет, — деди Айсулуу.

Кыялкеч Айсулуу көптөгөн олимпиадаларга катышып, ийгиликтерди жаратып жатат. Бош убактысын волейбол, теннис ойноо менен өткөрөт. Ал үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү.

Бөлүшүү

Комментарийлер