ЧҮЙ УНИВЕРСИТЕТИ – КЕЛЕЧЕК ПАЙДУБАЛЫҢЫЗДЫ САПАТТУУ КУРУУГА КӨМӨКТӨШӨТ

  • 28.04.2022
  • 0

Ардактуу абитуриенттер!!! Бүгүнкү ааламдашуу доорунда билим берүү системасы өз кулачын кенен жайып, улам жаңы технология тездик менен өнүгүүдө. Бул арада билимге суусап турган абитуриенттер алгач туура максат коюп, ага жетүүгө өз аракетин жасоосу зарыл. Демек, дүйнөлүк стандарттагы билим берүү системасына ылайыкташып, тиешелүү көндүмдөргө ээ болуу менен өз билимдерин да кеңейтүүсү кажет. Дал ушул муктаждыкты камсыз кылууда ар бир мектеп бүтүрүүчүсүн кулач жая тосуп алчу жогорку окуу жайлардын бири – Чүй университети өз кызматын көрсөтөт.

ЧҮЙ УНИВЕРСИТЕТИ – КЕЛЕЧЕК ПАЙДУБАЛЫҢЫЗДЫ САПАТТУУ КУРУУГА КӨМӨКТӨШӨТ

 

 

 

 

С.Мамбеткалиев атындагы Чүй университети республикабыздагы 30 жылдык тарыхы бар жогорку окуу жайы болуп эсептелет. 1991- жылы түптөлүп, сапаттуу билим берүүнүн алдыңкы сабында келе жатат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиясынын негизинде иш алып барат, көз карандысыз “Билим-стандарт” аккредитациялык агенттиги тарабынан аккредитациядан өткөн. Биздин бүтүрүүчүлөрдүн бардыгы мамлекеттик үлгүдөгү диплом алышат. Андыктан урматтуу ата-энелер, достор, абитуриенттер, стандартка туура келген мыкты педагог, белгилүү филолог, юрист, экономист, банк кызматкери, чыгаан инсан болууну кааласаңыз, келечек максаты анык, аракети бийик, ниети түз – Чүй университетин тандаңыз! Биздин максатыбыз — учурдун талабына жараша креативдүү, компетенттүү жана татыктуу кадрларды даярдоо.

Андыктан университет студенттердин инсандык жана кесиптик өнүгүшүнө карата бардык шарттарды түзөт. Окуу процесси заманбап аудиторияларда, жогорку ылдамдыктагы интернети бар компьютердик класстарда өтөт. Компетенттүү профессордукокутуучулук курам лекция жана практикалык сабактарды жогорку деңгээлде алып барышат. Практика окуу процессинин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Студенттер практика учурунда университетти аяктагандан кийин иштей турган иш ордун табышат. Практиканын жүрүшүндө каалоочу студенттерге практика өткөн жеринде ишмердүүлүгүн улантуу сунушталат. Силер окуу жайдын ар кандай иш-чараларына катышуу менен өзүңөрдү ар тараптан өнүктүрөсүңөр. Университетке киргенден баштап кызыктуу студенттик күндөр башталат. Силердин студенттик мезгилиңерди жалаң гана окуудагы кыйынчылыктар менен чектебей, жаштык учурдун жалындуу сезимдери эсте калышы үчүн университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери болгон аракетин жумшайт.

Такабай Асанакунов,

Чүй университетинин ректору, профессор, п.и.к.

ЧҮЙ УНИВЕРСИТЕТИ – КЕЛЕЧЕК ПАЙДУБАЛЫҢЫЗДЫ САПАТТУУ КУРУУГА КӨМӨКТӨШӨТ

 

 

 

 

 

 

 

Чүй университети төмөндөгү багыттарда адистерди даярдайт:

 Адистиги Окуу мөөнөтү Окуу формасы
1.1550300. Филологиялык билим берүү4 жылкүндүзгү
2.2530500. Юриспруденция4 жылкүндүзгү
3.3580100. Экономика4 жылкүндүзгү
4.4580700. Педагогика4 жылкүндүзгү

Чүй университетинин Бишкек колледжи

Чүй университетинин алдындагы Бишкек колледжи 9-11-класстын базасында студенттерди кабыл алат. Колледжге тапшыргандар эмгек жолун эрте баштоого мүмкүндүк түзөт. Андан ары жогорку окуу жайга тапшырып, окууну кыска мөөнөттө аяктоосуна жол ачат. Колледжде төмөндөгү адистиктер даярдалат:

 Адистиги Окуу мөөнөтү

9-класстын базасында

 

11-класстын базасында

1.050709. Башталгыч класстарда билим берүү жана тууралоо педагогикасы2 жыл 10 ай1 жыл 10 ай (күндүзгү)
2.050704 Мектепке чейинки билим берүү2 жыл 10 ай1 жыл 10 ай (күндүзгү)
3.030503 Укук таануу2 жыл 10 ай1 жыл 10 ай (күндүзгү)
4.080107 Салык жана салык салуу2 жыл 10 ай1 жыл 10 ай (күндүзгү)
5.080108 Банк иши2 жыл 10 ай1 жыл 10 ай (күндүзгү)
6.080110 Экономика жана бухгалтердик эсеп2 жыл 10 ай1 жыл 10 ай (күндүзгү)
7.050702 Тарбиялык ишкердүүлүктү уюштуруу2 жыл 10 ай1 жыл 10 ай (күндүзгү)
8.230701 Колдонмо информатика2 жыл 10 ай1 жыл 10 ай (күндүзгү)
9.030504 Социалдык камсыздоо уюму жана укук2 жыл 10 ай1 жыл 10 ай (күндүзгү)
10.080501 Менеджмент2 жыл 10 ай1 жыл 10 ай (күндүзгү)

Университетке жана колледжге кирүү үчүн зарыл документтер:

Арыз;

— Жалпы билими же башталгыч кесиптик билимин күбөлөндүргөн мамлекеттик документ;

— (3×4) форматындагы 6 сүрөт;

— 086/У медициналык маалымкат;

— Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү же паспорттун көчүрмөсү;

— Өздүгүн тастыктаган документти жана жарандыгын өзү көрсөтүүгө тийиш.

Урматтуу абитуриент! СИЗ убактыңызды туура пайдаланып, компетенттүү адис болгуңуз келеби? Анда биздин окуу жайдын эшиги сиз үчүн ачык!

Кабыл алуу комиссиясы Чүй университетинин №1 окуу корпусунда иштейт. Дареги: Бишкек шаары, А. Сүйүнбаев көчөсү, 123/3 (Чүй проспектиси менен – Карпинский көчөсүнүн кесилиши). Байланыш телефондору: +996 (704) 10–63–54; (772) 80–21–13; (704) 84–55–56; (706) 22–03–89; (555) 27–05–12

Бөлүшүү

Комментарийлер