ЧҮЙ: СЫН-ТАШ АЙЫЛЫНДАГЫ СПОРТ ЗАЛДЫН КУРУЛУШУ УЛАНУУДА

  • 18.09.2025
  • 0

Ысык-Ата районуна караштуу Сын-Таш айылында жайгашкан Шакиров атындагы мектептин спорт залынын курулушу уланууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлигине караштуу Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө. Ал эми подряддык уюм катары “Проф-Альянс” ЖЧКсы иштеп жатат.

ЧҮЙ: СЫН-ТАШ АЙЫЛЫНДАГЫ СПОРТ ЗАЛДЫН КУРУЛУШУ УЛАНУУДА

ЧҮЙ: СЫН-ТАШ АЙЫЛЫНДАГЫ СПОРТ ЗАЛДЫН КУРУЛУШУ УЛАНУУДА

 

Мектептин жалпы аянты 3545,5 м2. Курулушу аяктагандан кийин мектеп окуучуларынын спорт менен машыгуусуна толук шарт түзүлөт.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер