ЧҮЙ ОБЛУСУНУН НАМЫСЫН КОРГООГО ЖОЛДОМО АЛГАНДАР

  • 05.04.2024
  • 0

 Кыргызстандын ЮНЕСКО клубунун мүчөсү Токмок шаардык Балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борборунда “Биз XXI кылымдын интеллектуалдары” кароо-сынагынын облустук этабы жыйынтыкталды. Анда Чүй облусунун “Маалыматтык технологиялар. Робототехника”, “Информатика”, “Чебер усталар шаары”, “Техникалык чыгармачылык” ийримдеринин мүчөлөрүнөн түзүлгөн 9 команда акыл таймашында күч сынашты.

ЧҮЙ ОБЛУСУНУН НАМЫСЫН КОРГООГО ЖОЛДОМО АЛГАНДАР

Иш-чаранын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Чүй облустук билим берүүнүн усулдук бөлүмүнүн башкы адиси Кундуз Абдраева облустук турга чыккан алдыңкыларды куттуктап, Токмок шаардык БӨЧБ директору Татьяна Николаевна Полосинага жана анын эмгек жамаатына иш-чараны жогорку чеберчиликте уюштуруп, чыгармачыл балдарга эң сонун шарт түзгөндүгү жана меймандостугу үчүн Чүй облустук билим берүү бөлүмүнүн атынан ыраазычылык билдирди.

— Бүгүнкү күндүн жаш устаттары — келечекте жогорку класстагы адистерден болуп чыгышына мына ушундай акыл жана өнөр таймаштары жакындан жардам береринде шек жок. Өздөрүнүн чыгармачыл идеялары менен келген ар бир катышуучу ийгиликке жетишип, өлкөнүн илимий өсүшүнө өз салымдарын кошот деп терең ишенебиз, — деди ал.

ЧҮЙ ОБЛУСУНУН НАМЫСЫН КОРГООГО ЖОЛДОМО АЛГАНДАР

Жалпысынан алганда “Биз — XXI кылымдын интеллектуалдары” сынагына Чүй облусу боюнча 50 бала алты номинацияда күч сынашты.10-13 жаштагы мектеп лигасы жана 14-18 жаштагы өспүрүмдөр лигасынын таймашы долбоорлорду коргоо презентациялары жана видеороликтер менен коштолду.

“Эң башкысы — жеңиш эмес, ага катышуу” демекчи, аймактардан мыктылардын мыктысы тандалып келгендиктен, балдардын баарын жеңүүчү катары бааласак жарашат. Бардык топтордун даярдаган эмгектери көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Айрыкча, жаш усталардын чыгармачылык жана техникалык ой жүгүртүүлөрү көргөн адамдын суктануу сезимин жаратты. Калыстар тобу сынактын бардык катышуучуларынын даярдыгын кылдат изилдеп чыгып, Токмок шаарындагы Балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун катышуучуларынын эмгегине жогору баа беришти.

ЧҮЙ ОБЛУСУНУН НАМЫСЫН КОРГООГО ЖОЛДОМО АЛГАНДАР

Төмөндө биринчи жана экинчи орунду ээлеген азаматтардын ысымдары менен таанышып коюңуздар:

1-орунду Бахтияр Ашимов, Мухаммед-Али Масев, Даниел Сайфудинов, Артем Полосин жана Максим Щелкунов ээлесе, экинчи байгелүү орунга Асхат Бурганов жана Баястан Жумагулов татыктуу болду.

Жеңүүчүлөр 23-26-апрель күндөрү Ысык-Көл облусунда өтө турган “Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” сынагынын республикалык турунда Чүй облусунун намысын коргойт.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер