Чүй облусунда жаңы окуу жылына карата 7 мектеп пайдаланууга берилет

  • 18.08.2023
  • 0

Чүй облусунда жаңы окуу жылына карата 7 мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Чүй облусунда жаңы окуу жылына карата 7 мектеп пайдаланууга берилет

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунда төрт, Аламүдүн, Сокулук жана Жайыл райондорунда бирден билим берүү мекемеси ачылат. Алсак:

— Ысык-Ата районунун Логвиненский айылында 250 орундуу мектеп;
— Ново-Покровка айылында 225 орундуу мектеп;
— Ивановка айылында 150 орундуу мектеп;
— Тогуз-Булак айылда 150 орундуу мектеп;
— Аламүдүн районундагы Пригородное айылында 500 орундуу мектеп;
— Сокулук районуна караштуу Мирный айылында 275 орундуу мектеп;
— Жайыл районунун Сосновка айылында 225 орундуу мектеп.

Бөлүшүү

Комментарийлер