ҮЧ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТ КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИНЕ КОШУЛДУ
- 12.09.2025
- 0
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен үч облустук мамлекеттик жогорку окуу жайы – Нарын, Талас жана Баткен мамлекеттик университеттери – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине кошулуу жолу менен реорганизацияланды.

Жарлыкка ылайык, Министрлер Кабинетине тиешелүү чечимдерин ушул өзгөртүүлөргө ылайык келтирүү тапшырылды.


Маалыматка таянсак, Кыргыз улуттук университети (КУУ) 1925-жылы негизделген жана учурда 75тен ашык багыт боюнча бакалавриат, магистратура жана адистик программаларды сунуш кылган өлкөдөгү ири жогорку окуу жайы болуп эсептелет.
Кошулган университеттер тууралуу кыскача маалымат:
- Нарын мамлекеттик университети 1996-жылы түзүлгөн. Ал төрт окуу жайдын: Айыл чарба техникумунун, Педагогикалык колледждин, Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институтунун жана Кыргыз архитектура-курулуш институтунун филиалынын базасында негизделген.
- Талас мамлекеттик университети 1994-жылы, 1930-жылдардан бери иштеп келген педагогикалык окуу жайдын базасында уюшулган.
- Баткен мамлекеттик университети (БатМУ) 1999-жылы түзүлгөн.
Бул чечим билим берүү системасын оптималдаштыруу жана жогорку билимдин сапатын жакшыртуу максатын көздөйт.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер