ЧҮЙ БАЛДАР ҮЙҮНДӨ БАЛДАРДЫ 15 МИҢ ДОЛЛАРГА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨРГӨ САТЫП ЖИБЕРИШТИБИ?

  • 11.01.2018
  • 0

Бул окуя тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карумушкина «Вести.kg» сайтына төмөнкүлөрдү айтып берген.

  • Бир-эки күн мурун мага Чүй балдар үйүнөн эки кызды асырап алабыз деген үй-бүлө кайрылды. Алар бардык керектүү документтерди жыйнап коюшкан экен. Үй-бүлө качан гана балдар үйүнө келгенде аларга эки кыз «Төмөнкү Чүй» ооруканасына түшүп калгандыгын кабарлашкан. Бирок үй-бүлө ал ооруканага билдирүү жөнөткөндө, ал жакта да эки кыздын жок экени маалым болгон. Кийин белгилүү болгондой эки кызды Балдар үйүнүн мүдүрү Социалдык Өнүктүрүү министирлигинин бир кызматкеринин суранычы менен бекитип койгон. Жана кыздарды алып кетүү үчүн аларга чет өлкөлүк жуп келген. Кыздар үчүн 15 миң доллар сунуштаган деген да маалымат бар. Бул окуя боюнча Чолпон Султанбековага кайрылуу жасалган, бирок ал тараптан эч кандай жооп жок. Айтмакчы, учурда Балдар үйүнүн мүдүрү АКШда жүрөт. Абдан таңкалаарлык нерсе өзүбүздүн жарандарыбызга асырап алууга балдарды бербей чет элдиктерге бергени менде шек жаратат. Бул окуя боюнча мен акырына чейин туруп изилдейм жана кылмыш ишин козготом, — дейт И.Карамушкина.

 

Булак: NazarNews.kg

Бөлүшүү

Комментарийлер