Ч.АЙТМАТОВДУН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛДЫ

  • 12.12.2020
  • 0

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин студенттери үчүн замандын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган  «Кыргыздын залкар жазуучусу — Чыңгыз Айтматов» деген аталыштагы эскерүү  сабагы өттү.

Ч.АЙТМАТОВДУН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛДЫ

Сабакты кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучусу Молдалиева Назгүл өтүп, анда жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардан үзүндүлөр көрсөтүлүп, Чыңгыз Айтматовдун Кыргызстан менен бүткүл дүйнөнүн ортосуна руханий көпүрө түзгөн инсан экени, күчтүү руханий байлыгы жана туруктуу чыгармачылык изденүүсү менен тапкан табылгаларын коомго, окурмандарга берген эмгектери тууралуу сөз болду. Ч.Айтматовдун чыгармалары аркылуу  студеттер кыргыз элинин руханий дүйнөсү жана бай маданий мурасы менен таанышышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер