CENTRAL ASIA PILOT FORUM 2026: ЭЛ АРАЛЫК МЕКТЕПТИК ӨНӨКТӨШТҮК

  • 23.07.2026
  • 0

Бишкекте мектептердин эл аралык жана аймактык өнөктөштүгүн өнүктүрүү боюнча Central Asia Pilot Forum 2026 форуму ишин баштады. 

Бул Борбордук Азиядагы мектептердин эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган алгачкы аймактык форум. Анын негизги максаты — мектептерди, педагогдорду, мамлекеттик органдарды жана эл аралык өнөктөштөрдү бириктирип, билим берүүнүн сапатын жаңы деңгээлге чыгаруу.

Биринчи форумга Кыргызстан менен Казакстандын бир катар мектептеринин директорлору, орун басарлары жана мугалим-координаторлору катышууда.

Эки күнгө созулган форумдун жүрүшүндө эксперттердин баяндамалары угулуп, практикалык долбоордук иштер жүргүзүлөт, мектептердин өнөктөштүк багыттары талкууланып, кызматташтыктын конкреттүү кадамдары аныкталат.

«Форумдун башкы максаты – ар бир мектеп бул жерден жөн гана жакшы таасирлер менен эмес, конкреттүү байланыштар, биргелешкен долбоордун идеясы, ишенимдүү өнөктөш мектеп жана форумдан кийин алгачкы биргелешкен иш-аракеттерди кантип баштоо керектиги боюнча так түшүнүк менен кайтып кетиши керек»,-деди мугалим координатор Махабат Абдылдаева.

CENTRAL ASIA PILOT FORUM 2026: ЭЛ АРАЛЫК МЕКТЕПТИК ӨНӨКТӨШТҮК

«Бүгүнкү күндө дүйнө тездик менен өзгөрүп жатат: санариптик технологиялар, жасалма интеллект, жаңы компетенциялар жана глобалдык өз ара байланыш мектептерден билимди берүү гана эмес, жаштарды тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө жашоого жана иштөөгө даярдоону талап кылат. Мына ушул себептен мектептер аралык эл аралык кызматташтык билим берүүнү өнүктүрүүнүн кошумча эле багыты эмес, анын сапатын жогорулатуунун зарыл шарты болуп саналат»,-деди форумдун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө «Кут Билим» медиа борборунун директору Кубат Чекиров.

Форумдун алкагында мектептер ортосунда тажрыйба алмашуу, STEM, жасалма интеллект жана долбоордук окутуу сыяктуу заманбап билим берүү технологияларын жайылтуу, ошондой эле эл аралык академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланууда.

CENTRAL ASIA PILOT FORUM 2026: ЭЛ АРАЛЫК МЕКТЕПТИК ӨНӨКТӨШТҮКДолбоордун башкы өзгөчөлүгү — Борбордук Азиядагы мектептер үчүн туруктуу эл аралык кызматташуу экосистемасын түзүү. Бул демилге мугалимдер менен окуучуларга дүйнөлүк алдыңкы билим берүү тажрыйбасына жетүү мүмкүнчүлүгүн түзүп, ошол эле учурда улуттук баалуулуктарды сактоого жана аймактык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.

Өнөктөштүктүн негизин долбоордук окутуу түзөт. Бул – окуучулар жөн гана билим алып тим болбостон, турмуштагы реалдуу маселелерди изилдеп, аларга чечимдерди сунуштап, команда менен иштеп, өз эмгегинин жыйынтыгын тааныштырып жана алган билиминин практикалык маанисин көрө алган окутуу форматы. Долбоордук ишмердүүлүк аркылуу окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсү, баарлашуу жана кызматташуу жөндөмдөрү, лидерлик сапаттары, чыгармачылыгы, санариптик жана изилдөө көндүмдөрү өнүгөт.

Эл аралык өнөктөштүк бул процессти дагы да байытып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ар кайсы өлкөлөрдүн мектептери биргелешкен долбоордун үстүндө иштегенде, окуучулар дүйнөгө кеңири көз караш менен кароону, өз өлкөсүнүн маданиятын татыктуу тааныштырууну, башка элдердин маданиятын түшүнүүнү жана орток жыйынтык жаратууну үйрөнүшөт.

«Биздин негизги максат – мектептердин өзүнө ылайыктуу өнөктөш мектептерди табуусуна көмөк көрсөтүү, долбоордун координаторлорун аныктоо, баарына түшүнүктүү жана актуалдуу теманы тандоого көмөктөшүү жана биринчи биргелешкен долбоорду ийгиликтүү баштоого шарт түзүү»,-деди казакстандык координатор Гүльмира Амирова.

Форум Sister Schools Project долбоорунун алкагында «Райан» коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, Кыргыз Республикасындагы өнөктөш уюмдардын колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер