БЫЙЫЛ МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН 55 МИҢ НОУТБУК ДАЯРДАЛДЫ

  • 14.02.2025
  • 0

Кыргыз техникалык университетинин базасында ачылган технопаркта быйыл мугалимдер үчүн 55 миң ноутбук даярдалды. Бул тууралуу КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын жыйынтыгына арналган коллегияда билдирди.

Э.Байсалов эртеңки Кыргызстандын келечеги бир гана инновация, билим жана интеллект менен өнүгөрүн, андыктан бардык тармактарда атаандаштыкка туруктуу мыкты адистерибизди даярдашыбыз керектигин баса белгиледи. “Биз басымды так илимдерге жасайбыз, мугалимдер даяр слайддарды алып колдоно берет. Эң негизгиси ар бир мугалим квалификациясын жогорулатышы керек”, – деди ал.

Бөлүшүү

Комментарийлер