БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ДЕҢИЗ ДЕҢГЭЭЛИНЕН 3500 МЕТР БИЙИКТИКТЕ ЖАЙГАШКАН АК-ШЫЙРАК МЕКТЕБИНЕ БАРЫП КЕЛДИ

  • 01.11.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев үстүбүздөгү жылдын 29-октябрында Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак айыл аймагына караштуу Үч-Кошкон айылындагы Талып Жамгырчиев атындагы жатак мектепке барды.

БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ДЕҢИЗ ДЕҢГЭЭЛИНЕН 3500 МЕТР БИЙИКТИКТЕ ЖАЙГАШКАН АК-ШЫЙРАК МЕКТЕБИНЕ БАРЫП КЕЛДИ

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Болотбек Купешев – эгемендүүлүк жылдарында Үч-Кошконго алыстан ат арытып келип, мугалимдер менен окуучулардан кабар алган алгачкы министр. Бул айыл чек ара аймагындагы алыскы Сырт өрөөнүндөгү климаттык шарты катаал, деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте, райондук борбордон 280 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жолдун узактыгына жана татаалдыгына байланыштуу бул айылга каттагандар өтө сейрек.

Иш сапарынын алкагында министр мектептин педагогикалык жамааты менен жолугушуп, мектепке тиешелүү көйгөйлүү маселелерди талкуулады. Жолугушуу маалында Болотбек Купешев өз ишине берилген, кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгилик жараткан дасыккан мугалимдерге министрликтин Ардак грамотасын жана “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин тапшырды.

БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ДЕҢИЗ ДЕҢГЭЭЛИНЕН 3500 МЕТР БИЙИКТИКТЕ ЖАЙГАШКАН АК-ШЫЙРАК МЕКТЕБИНЕ БАРЫП КЕЛДИ

Жолугушуудан кийин министр мектептин окуу корпусун, жаңы курулуп жаткан ашканасын жана жатаканасын көрүп чыкты.

Белгилей кетсек, бул айылдагы эски мектептин ордуна салынган 75 орундуу мектептин имараты 2010-жылы пайдаланууга берилген. Анда 7 класстык бөлмө, усулкана жана 1 компьютердик класс бар. Бүгүнкү күндө бул мектепте 66 окуучу окуп, 16 мугалим иштейт.

Мектептин эски жатаканасы 1965-жылы салынган, 2011-жылдын 3-октябрында райондук капиталдык курулуш бөлүмү жана айыл өкмөтү тарабынан тиешелүү акт түзүлүп, жатакана пайдаланууга жараксыз деп табылган. Жаңы жатакана куруу маселеси чечилбегенине байланыштуу 2015-жылы Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун каржылоосу жана “Кумтор Оперейтинг Компани” ишканасынын колдоосу менен 17 контейнерден ылайыкташтырылып жасалган жатакана пайдаланууга берилген. Ушул тапта жатаканада 14 бала жашап, 6 тарбиячы эмгектенет.

Ал эми мектептин 25 орундуу ашканасы 1965-жылы курулган эски жатакананын имаратында жайгашкан. Ашканада 1 ашпозчу жана 1 кызматкер эмгектенет.

Ушул тапта Үч-Кошкон айылында республикалык бюджеттин эсебинен 30 орундуу жатакана жана ашкана курулууда.

 

КР БИМ басма сөз кызматы 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер