БОЛОЧОК ЮРИСТТЕР ҮЧҮН МАСТЕР КЛАСС

  • 06.12.2017
  • 0

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда «Юриспруденцияга багыт» аттуу мастер класс уюштурулуп, ага студенттер менен бирге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана укук коргоо органдарынын  жооптуу кызматкерлери, профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Алгач ОшМЮИнин окуу иштери боюнча проректору Мамасалы Арстанбеков мастер класс болочок юристтерди кесиптик жөндөмдүүлүгүн ар тараптан арттырууда натыйжалуу таасир берерин айтып, сабактын андан ары уланышына багыт берди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын  кримидентификациялоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Абдыманап Пусуров «Соттук иликтөө жараянында экспертиза кызматынын ролу» деген темадагы баяндамасы катышуучуларды өзгөчө  кызыгууну жаратты. Анткени ал теория менен бирге өзүнүн кесиптик кызматындагы практикалык тажрыйба менен айкалыштырып, маанилүү мисалдар менен  бышыктап түшүндүрдү. ОшМЮИнин доценти, философия илимдеринин кандидаты Роза Эргешбаеванын мыйзамдуулук боюнча, ал эми доцент, химия илимдеринин кандидаты  Авазбек Исмаиловдун соттук экспертизанын предмети, обьектиси жана методдору боюнча жасаган илимий баяндамалары да  мазмундуулугу менен терең таасир калтырды.

Окуу жайдын улук окутуучулары Чолпон Турсунбаева кылмыштуулук курамы боюнча, Жасынбек  кызы Айнура үй-бүлө мүчөлөрүнүн алименттик милдеттери  тууралуу  маанилүү баяндама жасашты. Инженер-программист Чынгыз Эрдолотов  «Онлайн  байланышын түзүү» программасын колдонууну демонстрациялап, маалымат технологиясынын заманбап усулдары боюнча кеңири маалымат берди.

Бөлүшүү

Комментарийлер