БИЗДИН БАЛДАРДЫ ЭҢ МЫКТЫ АДИСТЕР ОКУТУШУ КЕРЕК

  • 09.12.2021
  • 0

КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Байсалов Бишкек шаардык жана Чүй облусунун кээ бир райондорунун билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, жалпы билим берүү мектеп педагогдору менен жолукту.

Президенттин тапшырмасы боюнча педагогдордун арыз муңун угууга атайын келгенин айткан Эдил Жолдубаевич, мугалимдердин абалы, алардын саламаттыгы, сапаттуу билим берүүдө кездешкен маселелер жөнүндө кабар алды. Жолугушууда КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.Жусупбекова педагогдун учурдагы көйгөйү, алардын өз милдетинен тышкары алектенген түйшүктөрү жөнүндө айтып берди.

БИЗДИН БАЛДАРДЫ ЭҢ МЫКТЫ АДИСТЕР ОКУТУШУ КЕРЕК

Назира Сынташевнанын айтымында, учурда окуучулардын контингенти өсүп жаткандыгына байланыштуу мектептеги балдардын саны төрт эсе көбөйдү. Ал жыйында мугалимдердин сапаттуу билим берүүсүнө тоскоол болуп жаткан төмөнкү көрүнүштөрдү белгиледи.

— Биринчи кезекте мугалимдердин дептер текшерүүдөгү ашыкча түйшүгү, педагогикалык кадрлардын тартыштыгы, айрыкча Бишкек шаарында өтө тартыш болуп жаткандыгы, класс жетекчилердин жүктөмүнүн өтө эле көптүгү сыяктуу маселелер бизди өтө түйшөлтүүдө. Алсак, тил жана математика предмети боюнча, айрыкча, башталгыч мектептин балдарынын дептерин текшерүү түйшүктүү. Мугалимге акча төлөө нормасы боюнча класстагы 25-30 окуучунун дептерин текшергендиги үчүн гана акы төлөнөт. Бирок иш жүзүндө бир класстагы балдардын саны 50гө чейин жетип жатат. Демек, мугалимдин жүктөмү үч эсе көбөйгөндүгүнө карабай, алардын дептерлерин текшергендиги үчүн акча төлөшпөйт. Бул көйгөйдү министрлик өзү чече албайт, андыктан өкмөттүк деңгээлде чечүү жолун караштырууну өтүнөбүз, — деди Назира Сынташевна.

БИЗДИН БАЛДАРДЫ ЭҢ МЫКТЫ АДИСТЕР ОКУТУШУ КЕРЕК

Албетте, жыл сайын педагогикалык окуу жайларда мугалимдик кесипте билим алып жаткан жаштар жок эмес. Кадрлардын мамлекеттик мектептерде токтобой жаткандыгы биринчи кезекте эмгек акысынын төмөндүгүнөн, жаш адистерге колдоо көрсөтүлбөй жаткандыгынан орун алып келгендиги жашыруун эмес. Адегенде мектепке келип иштеп, тажрыйба топтоп алган адистер андан ары жеке менчик мектептерге кетип калып жатышат. Себеби аларда айлык акы жогору. Мугалимдердин жогоруда белгиленген ашыкча түйшүктөрүнөн тышкары, аларды ишембиликтерге чыгарып, бекер жумушчу күч катары көчөлөрдү тазалоого жана ошондой эле райондук аскер комиссариатынын ченемсиз маалымат топтоо тапшырмаларын аткарууга мажбурлап жатышканы, алардын негизги милдетинен алагды кылмак тургай, ачык эле тоскоол болуп жатканын да көз жаздымга калтырууга болбойт дешти жыйынга катышкандар. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баарын кылдат уккан соң төмөнкүлөргө токтолду.

— Биз үчүн эң маанилүү – бул биздин балдарыбыз. Балдар биздин келечек эмес, балдар биздин учур чак! Аларга азыр сапаттуу билим-тарбия берүүгө милдеттүүбүз. Ансыз да пандемия учурунда эсепсиз жоготууларга учурадык. Биз азыр кептелип жаткан кадр маселесине 2000-жылдарда кетирген кемчиликтердин кесепети тийип жатат, билим берүү тармагы кабылган ошол туңгуюктун жемишин азыр көрүп жатабыз. Андыктан биз биринчи кезекте билим сапатына көңүл буралы. Мектеп – бул мугалим, окуу. Мисалы, жер-жерлерге барганда, чатырыбыз түшүп калды деген сыяктуу маселелерди айтышат, туура аны четтетүү керек, бирок аны четтете турган жергиликтүү бийлик органдары бар. Биз балдар окуп жаткан билимди, алар эмнени окуп жатканын көргүбүз келет. Эң биринчи көйгөй менимче азыр – бул окуучуларга ашыкча окуу жүктөмдөр жүктөлгөнү. Кереги барбы-жокпу эсептебейбиз, мотивация бербейбиз, сапатына карабай эле санын көбөйтүп, эптеп эле окуучуну түйшүккө тушап коюу керек деген милдетти аткарып жаткандайбыз. Окуучулар аягында окууга умтулбай, тескерисинче, жек көрүп калышат. Андыктан балдарды ашыкча маалыматтан куткаруу керек.

Биз эң мыкты окуган окуучуларыбызды мугалим болууга үндөйлү дегим келет. Анткени биздин балдарды эң жакшы окуган адистер окутууга тийиш, — деди Эдил Байсалов.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер