«БИЗ МЫЙЗАМДУУ ӨЛКӨНҮ КОРРУПЦИЯСЫ ЖОК ТАЗА КОЛ МЕНЕН КУРАБЫЗ!»

  • 13.02.2025
  • 0

КМШ мамлекеттеринин башкы прокуратураларынын колдоосу менен «Коррупцияга бирге каршыбыз!» аталышында  уюштурулган эл аралык жаштар сынагында сүрөт номинациясы боюнча «Биз мыйзамдуу өлкөнү коррупциясы жок таза кол менен курабыз!» аттуу эмгеги менен Талас облусунун Манас районундагы «Улукман» жатак-лицейинин 11-классынын окуучусу Алмаз Рахманов  III орунду багындырды.

"БИЗ МЫЙЗАМДУУ ӨЛКӨНҮ КОРРУПЦИЯСЫ ЖОК ТАЗА КОЛ МЕНЕН КУРАБЫЗ!""БИЗ МЫЙЗАМДУУ ӨЛКӨНҮ КОРРУПЦИЯСЫ ЖОК ТАЗА КОЛ МЕНЕН КУРАБЫЗ!"

Маалыматка ылайык, КМШ өлкөлөрүнүн арасында өлкөнүн атын чыгарып, коло медаль  жана  эл аралык  деңгээлдеги ийгиликти тастыктаган  дипломду окуучуга КРнын Башкы прокуратурасынын жетекчилиги тапшырып, ыраазычылыгын билдиришти.

"БИЗ МЫЙЗАМДУУ ӨЛКӨНҮ КОРРУПЦИЯСЫ ЖОК ТАЗА КОЛ МЕНЕН КУРАБЫЗ!"

— Өз кезегинде 11-класстын окуучусу Алмаз Рахмановго Манас райондук мамлекеттик администрация жетекчилиги тарабынан  колдоо көрсөтүлүп, райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте ыраазычылык кат жана белектер тапшырылды. Окуучулардын терең билим, татыктуу тарбия алуусуна жана келечекте дени сак жаштардын өсүп өнүгүшүнө шарт түзүүгө Манас райондук мамлекеттик администрациясы  жакындан жардам көрсөтүп келет. Айта кетсек, окуу жылдын башында лицейдин ашканасын капиталдык ремонттон өткөрүүгө көмөктөшүп, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында жалпы суммасы 1000000 (бир миллион) сомдун тегерегин түзгөн долбоор тартылып, заманбап ашкана эмеректери менен жабдылды, — дейт Талас облустук усулдук борборунун жетекчиси С.Бейшенова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер