БИЗ КИТЕП ЖАРАТАБЫЗ!
- 19.02.2020
- 0
Аксы районунун мектептеринин башталгыч класстарынын окуучулары өз колдору менен китеп жазып, жасалгалап жатышат. Ушул максатта окуучулар арасында “Биз китеп жаратабыз”, “Өзүбүз китеп жазып, жасайбыз” сынактары өтүүдө.
Бүгүн Аксы районундагы №39 С.Шатманов атындагы мектепте 4-класстын окуучулары “Өзүбүз китеп жазып, жасайбыз” сынагын өткөрүштү. Сынакта 4-“а” класс (мугалими Гүлнара Кадырбаева), Линский мектебинин 4-классынын окуучулары (мугалими Салтанат Жуматаева), №39 С.Шатманов атындагы мектептин 2-“а” классынын окуучулары (мугалими Айнагүл Туралиева) тарткан сүрөттөр, алар жасаган кол эмгектер көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө бурду. Сынактын жалпы жыйынтыгы 13-мартта чыгарылмакчы.
Белгилей кетсек, Аксы районундагы 21 мектеп ЮСАИДдин “Бирге окуйбуз” долбоорунун алкагында иштеп, жаш өспүрүмдөрдү китеп окууга, китепти сүйүүгө үндөгөн иш-чараларды байма-бай өткөрүп турушат.
А.Кашыбаева,
“Кут Билим”
Комментарийлер