БИЙИК ТООЛУУ АЛАЙДАГЫ ТААСИРДҮҮ СЕМИНАР

  • 26.11.2021
  • 0

23-24-ноябрда Алай районунда «Кутбилим сабактын» активдүү авторлорунун катышуусунда «Заманбап технологиянын сабакта колдонулушу» аттуу республикалык семинар болуп өттү.

БИЙИК ТООЛУУ АЛАЙДАГЫ ТААСИРДҮҮ СЕМИНАР

STEM билим берүүсүнө өзгөчө басым жасаган бул окуу иши эки күнгө созулуп, Ленин айыл өкмөтүнө караштуу №35 Сатар Карыев (директору Пазылов Эртабылды Бердалиевич); №34 Амат Жээнбеков (директору Абдыкайров Медерали Сартбаевич) жана №33 Сарбан Жаанбаев (директору Жумаев Келдибай Айтмаматович) атындагы орто мектептеринин базасында уюшулду.

БИЙИК ТООЛУУ АЛАЙДАГЫ ТААСИРДҮҮ СЕМИНАР

Семинарда №35 Сатар Карыев орто мектебинен Сагынбек уулу Ийгилик «Нерселердин жерге тартылуусу» (Физика, 7-класс), Муратали уулу Адилет «Сан барабарсыздыгы» (Алгебра, 8-класс), Атырова Сергүл «Антоним жана синоним сөздөрдү кайталоо» (Кыргыз тили, 4-класс), Сыдык Мамыров «Мыкты журналист, таасын жазуучу» (Тарбия саат, 10-класс), №34 Амат Жээнбеков атындагы орто мектебинен Сулайманкулова Бурмагүл «Презентация түзүү» (7-класс), Билал уулу Уларбек «Векторлор» (9-класс), Базарбек уулу Курсант «Заттын тыгыздыгы» (7-класс), №33 Сарбан Жаанбаев атындагы орто мектебинен Маматова Венера «Теңдемелер системасынын жардамында маселелер чыгаруу» (Алгебра, 9-класс), Рахманбердиев Санжар «Архимед күчү. Нерсенин сууда сүзүү шарттары» (Физика, 10-класс) деген темада ачык сабактарды өтүштү.

БИЙИК ТООЛУУ АЛАЙДАГЫ ТААСИРДҮҮ СЕМИНАР

Ушул эле №33 Сарбан Жаанбаев атындагы орто мектебинде «Алымбек даткага 222, Курманжан даткага 210 жыл» аттуу класстан тышкаркы иш-чара таасирдүү болду.

БИЙИК ТООЛУУ АЛАЙДАГЫ ТААСИРДҮҮ СЕМИНАР

Эки күндүк семинардын ишине Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Данаке Иманов атындагы орто мектебинин математика мугалими Ашырова Шайыркүл, Бишкек шаарындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин башталгыч класс мугалими Шайыбекова Чынар, Кара-Көл шаарындагы Шопоков атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мусуралиев Байыш, Ош облусунун Кара-Суу райондагы №27 Топ-Терек негизги мектебинин тарых мугалими Шайлиева Назира, Ош облусунун Ноокат районундагы Улуу-Тоо мектебинин ардагер мугалими Эргешов Абдиназар, Ош облусунун Кара-Суу районундагы №70 Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Жаманкулова Инаят, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Темиркул Үмөталиев атындагы орто мектептин директору, кыргыз тили жана адабияты мугалими Атаканов Узен, Талас облустук чет тилдер мектеп-лицейинин мугалими Кыдырмышова Эдиса, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ы.Чанаков атындагы орто мектебинин директору, башталгыч класс мугалими Калмурзаева Бусара, Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин башталгыч класс мугалими Орозканова Айсулуу катышты.

БИЙИК ТООЛУУ АЛАЙДАГЫ ТААСИРДҮҮ СЕМИНАР

Калемгерлер семинарда өтүлгөн сабактар боюнча өз пикирлерин айтышып, баалуу сунуштарын беришти. Республикабыздын ар кайсы аймактарынан келишкен семинардын катышуучулары окуучулар жана мугалимдер үчүн мазмундуу презентация да жасашты. Кара-Көл шаарындагы Шопоков атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мусуралиев Байыш жана Ноокат районундагы Улуу-Тоо орто мектебинин ардагер мугалими Абдиназар Эргешов «Мугалимдин портфолиосу — ийгиликтин ачкычы» аттуу темада өз табылгалары менен мугалимдер менен бөлүшсө, Аксы районундагы Темиркул Уметалиев атындагы орто мектебинен Узен Атаканов бүтүрүүчү класстардын окуучуларын кыргыз тилинен ЖРТга даярдык көрүү жолдору менен тааныштырды.

БИЙИК ТООЛУУ АЛАЙДАГЫ ТААСИРДҮҮ СЕМИНАР

Бийик тоолуу Алайдагы таасирдүү семинардын ишин жогорку деңгээлде уюштурууда Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-усулдук каанасынын башчысы Бурканбай уулу Алымбек, усулчу Абакиров Бакытбек Төрөевич, Билим берүү кызматкерлеринин Алай райондук профсоюз комитетинин төрагасы Абдыкадыров Акылбек Кунаевич зор эмгек өтөдү.

БИЙИК ТООЛУУ АЛАЙДАГЫ ТААСИРДҮҮ СЕМИНАР

Семинардын соңунда калемгер-мугалимдер Гүлчө айылындагы Курманжан датканын музейинде болушту.

Маалымат үчүн: «Кутбилим сабак» усулдук гезитинин активдүү авторлорунун катышуусундагы мындай тажрыйба алмашуу семинарлары өлкөбүздө 2013-жылдан бери уюштурулуп келүүдө. Буга чейин Лейлек, Кара-Суу, Сузак, Кара-Буура, Чүй, Жети-Өгүз, Түп райондорунда, Талас жана Бишкек шаарында болуп өткөн.

PS: Семинар тууралуу толук маалымат менен «Кут Билим» гезитинин жакынкы санынан тааныша аласыздар.

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер