Бишкектин Ак-Өргө конушуна сквер курулууда

  • 08.08.2023
  • 0

Бишкектин Ак-Өргө конушунда жалпы аянты 2,4 гекарды түзгөн сквер курулууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, иш Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө. “Дорстройгрупп” ЖЧКсы подряддык уюму иш алып барууда.

Ал эми жаңы аянтчада баскетбол аянтчасы, чакан архитектуралык формалар, балдар аянтчасы, амфитеатр,отургучтар, тротуарлар, даараткана, аймакты жашылдандыруу каралган.

Бүгүнкү күндө суу жана канализациянын түтүктөрүн жаткызуу, скважинаны бургулоо, 164 метр тереңдикте суу соргуч орнотулду, даараткананын пайдубалын кую иштери аяктады.

Учурда даараткананын дубалын орнотуу, тротуарларга бордюр жана таман таш төшөө, сугаруучу суу түтүктөрүн орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер