БИШКЕКТИК БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР САНКТ-ПЕТЕРБУРГДАГЫ «АЛЫЕ ПАРУСА» МАЙРАМЫНА КАТЫШЫП КЕЛИШТИ
- 02.07.2026
- 0
Бишкек шаарынын муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын 18 бүтүрүүчүсү Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өткөн мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн улуттук эң ири майрамы – «Алые паруса» салтанатына катышып келишти. Бул маданий-билим берүү сапары Орусия тараптын чакыруусу жана Бишкек шаарынын мэриясынын түз колдоосу менен үстүбүздөгү жылдын 25–30-июнь күндөрү уюштурулду.

Сапардын алкагында борбор калаалык окуучулар үчүн атайын маданий жана тарыхый программа даярдалган. Өспүрүмдөр Санкт-Петербургдун дүйнөгө таанымал кооз жерлери менен жакындан таанышып, Мамлекеттик Эрмитажга, Мамлекеттик Орус музейине, «Ленрезерв» музейдик-тарыхый комплексине жана Петергофтун атактуу сарай-парк ансамблине саякат жасашты. Бул экскурсиялар окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтип, бай тарыхый жана маданий мурастар менен таанышуусуна өбөлгө түздү.


Программанын эң күтүлгөн жана негизги бөлүгү — 27-июнда Санкт-Петербургдун борбордук аянтында өткөн «Алые паруса» майрамы болду. Дүйнөлүк деңгээлдеги бул масштабдуу иш-чарага жалпысынан 70 миңге чукул бүтүрүүчү чогулган. Борбор калаадан барган окуучулар заманбап концерттик программага, укмуштуудай жарык шоусуна жана Нева дарыясынын толкунунда кызыл парустуу кеменин салтанаттуу сүзүп өтүшүнө өз көздөрү менен күбө болушту.

Бишкек шаарынын мэриясы билдиргендей, мындай эл аралык маданий-билим берүү сапарлары өсүп келе жаткан жаш муундун дүйнө таанымын кеңейтүүдө, башка өлкөлөрдүн маданиятына жана тарыхына болгон кызыгуусун арттырууда, ошондой эле эл аралык достук байланыштарды чыңдоодо чоң мааниге ээ. Сапардын катышуучулары үчүн бул иш-чара мектеп турмушунун соңундагы эң жаркын жана унутулгус окуя катары эсте калмакчы.
Кенжебек кызы Асел, «Кут билим»
Комментарийлер