БИШКЕКТИК 700 ОКУУЧУ «АЛТЫН БАЛАЛЫК» ЛАГЕРИНДЕ ЭС АЛУУДА
- 08.07.2026
- 0
Борбор калаадагы муниципалдык мектептердин 700 окуучусу жайкы каникулун Ысык-Көлдөгү «Алтын балалык» балдардын ден соолукту чыңдоо борборунда өткөрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Балдардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн окуучулар жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша отряддарга бөлүнүп, ар бирине тажрыйбалуу тарбиячылар менен отряд жетекчилери бекитилген. Лагердин ичинде балдар педагогдордун жана медициналык кызматкерлердин туруктуу көзөмөлүндө.
Лагердин программасы билим берүүчү, спорттук жана чыгармачылык багыттагы иш-чараларга бай. Күн сайын окуучулар үчүн спорттук мелдештер, интеллектуалдык таймаштар, мастер-класстар, концерттер жана командалык оюндар уюштурулуп жатат. Бул иш-чаралар балдардын лидерлик сапаттарын жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.
Мындан тышкары, лагерде коопсуздукка жана укуктук тарбияга өзгөчө көңүл бурулууда. Окуучулар үчүн оюн форматында укук бузуулардын, буллингдин алдын алуу, жол эрежелерин жана өрт коопсуздугун сактоо боюнча профилактикалык сабактар өтүүдө. Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү менен жолугушуулар уюштурулуп, анда балдарга сергек жашоо образы жана жеке коопсуздук эрежелери тууралуу маалыматтар берилүүдө.
Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»








Комментарийлер