БИШКЕКТЕГИ МЕКТЕП ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАР ОНЛАЙН ОКУУГА ӨТТҮ

  • 02.02.2024
  • 0

2024-жылдын 2-февралында таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) катталган аварияга байланыштуу борбордогу мектеп жана бала-бакчалар 6-февралга чейин онлайн окууга өткөрүлдү.

БИШКЕКТЕГИ МЕКТЕП ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАР ОНЛАЙН ОКУУГА ӨТТҮ

Мындай чечим шаардын жылуулук режимин сактоо максатында кабыл алынып, ысык суу берүүдө чектөө киргизилгени кабарланды.

КР Энергетика министрлиги ЖЭБдеги катталган авариялык абалдан улам иштен чыккан жабдууларды жана авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алынып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн маалымдады.

Бөлүшүү

Комментарийлер