БИШКЕКТЕГИ №59 ОРТО МЕКТЕПТИН КОШУМЧА ИМАРАТЫНЫН КУРУЛУШУ АЯКТОО АЛДЫНДА ТУРАТ
- 24.07.2023
- 0
Бишкектеги Караев атындагы №59 орто мектептин кошумча имаратынын курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектептин эки кабаттан турган кошумча имаратынын аянты 1 миң 72 чарчы метрди түзөт.
Курулуш иштери 2019-жылы башталган. Имарат орто жана жогорку класстын 150 окуучусуна ылайыкталып, 11 предметтик кабинет жайгашат. Курулуштун жалпы наркы 34 млн сомду түздү. Жаңы имараттан тышкары, №59 мектепте жаңы газ менен иштеген откана курулуп жатат.
Бөлүшүү
Комментарийлер