Бишкекте жана Чүй областында мектеп курууга 50 миллион доллар жумшалат
- 09.09.2025
- 0
9-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Мамлекеттик мектептерди куруу» Фаза-2» долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун долбоорун карады.
Маалымат менен курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу тааныштырды.
Анын айтымында, кредиттик келишим долбоорунун максаты сапаттуу билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү жана мамлекеттик мектептерди куруу аркылуу социалдык инфраструктураны жакшыртуу болуп саналат. Бул багытта министрлик Сауд өнүктүрүү фондунан каржылык ресурстарды тартууну пландаштырууда.
«Бүгүнкү күндө «Мамлекеттик мектептерди куруу» долбоорунун биринчи этабы ийгиликтүү аяктады. Бул фазаны ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жалпы суммасы 30 млн АКШ долларын түзгөн 30 билим берүү мекемеси курулду. Ал эми экинчи фазаны ишке ашырууда 187 500 000 сауд риалы тартылат. Бул 50 млн АКШ долларына барабар. Мөөнөтү 25 жыл, анын ичинен беш жылы жеңилдетилген мезгил жана жылдык пайыздык чени 1,5% түзөт», — деди баяндамачы.
Министрдин орун басары бул каражат Бишкек шаарында 5 жаңы мектеп жана 7 мектепке кошумча окуу корпусун курууга, ошондой эле Чүй облусунда 150дөн 1000 окуучуга чейин ылайыкталган 2 жаңы мектептин курулушуна жумшаларын билдирди.
Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү
Комментарийлер