БИШКЕКТЕ ТАЛАПКЕРЛЕРДИ ТЕСТИРЛӨӨ ӨТҮП ЖАТАТ

  • 30.08.2022
  • 0

Бүгүн Бишкектеги И.Арабаев атындагы КМУда мектеп директорлоруна жарыяланган сынактын экинчи туруна катышып жаткан талапкерлер компьютердик тестирлөөдөн өтүп жатат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин 62 бош кызмат оруну бар. Жарыяланган сынакка талапкерлердин документтерин кабыл алуу 26-августта аяктаган.

Кошумчалай кетсек, бул республикадагы мектеп директорлорунун 996 бош оруну үчүн жарыяланган сынактын биринчи айлампасынын акыркысы. Буга чейин мындай сынак жети дубанда өткөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер