Бишкекте өспүрүм эки жөө жүргүнчүнү коюп кетти
- 22.09.2023
- 0
Бишкекте 17 жаштагы өспүрүм жөө өтмөктөн өтүп бараткан эки адамды кагып, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Милициянын кайгуул кызматы билдирда.
Маалыматка караганда окуя Лермонтов жана Салиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан мектептин жанында болгон. Анда Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу эркек киши менен кичинекей баланы коюп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 8 жаштагы К.А. аттуу бала ооруканага кайрылган.
Издөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө окуяга шектүү делип Ысык-Ата районунун тургуну 2006-жылы туулган Л.Н. кармалган. Учурда экпертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Бөлүшүү
Комментарийлер