ОРУС ТИЛИН ОКУТУУЧУЛАР ҮЧҮН МАСТЕР-КЛАСС ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
- 29.05.2021
- 0
«Орус тили Кыргызстанда – жаңы мейкиндиктер» конкурсунун биринчи этабынын жыйынтыктары чыгарылды.
Долбоор жарандык коомду өнүктүрүүгө Президенттик гранттар фонду тарабынан берилген Россия Федерациясынын Президентинин гранттык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда.
Конкурс Бишкектеги Россиялык илим жана маданият борборунун, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Конкурстун калыстар тобу – Орус тили жана адабияты мугалимдеринин эл аралык ассоциациясы.
2021-жылдын 28-30-майында Бишкекте конкурстун биринчи этабынын жеңүүчүлөрү болушкан орус тили мугалимдери үчүн мастер-класс өткөрүлөт.
Конкурска катышууну каалагандардын саны 200 адамдан ашкан, биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча 44 жеңүүчү тандалып алынган. Конкурстун экинчи этабында катышуучулар видео-сабактардын үзүндүлөрүн даярдоого тийиш, бул уюштуруу комитетине орус тилин чет тили катары окутуунун методикасы жаатындагы кесиптик компетенциялардын деңгээлин аныктоого жардам берет. Жыйынтыгында 2021-жылдын августунда Москвага саякатка бара турган 10 мыкты окутуучу тандалып алынат.
Комментарийлер