БИШКЕКТЕ МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН «АЙТМАТОВ» ТАСМАСЫ КӨРСӨТҮЛДҮ

  • 14.10.2026

12-октябрда «Ала-Тоо» кинотеатрында жаш режиссёр Каныбек Калматовдун «Айтматов» аттуу автобиографиялык драмасынын социалдык көрсөтүүсү болуп өттү. Тасманы Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин кызматкерлери жана борбор калаадагы билим берүү мекемелеринин мугалимдери көрүштү. Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин колдоосу менен уюштурулду.  БИШКЕКТЕ МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН «АЙТМАТОВ» ТАСМАСЫ КӨРСӨТҮЛДҮ

Иш-чаранын негизги максаты — залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасын сактоо жана кеңири жайылтуу, ошондой эле жаш муунду руханий жана маданий баалуулуктарга тарбиялоо болуп саналат.

Көргөзмөгө  Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева катышып, мугалимдер үчүн атайын көрсөтүүнү уюштурган тараптарга терең ыраазычылык билдирди. Ал тасманын билим берүү жана өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо иштериндеги орду чоң экенин баса белгиледи. БИШКЕКТЕ МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН «АЙТМАТОВ» ТАСМАСЫ КӨРСӨТҮЛДҮ

«Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылык жолу тууралуу баяндаган бул тасманы мугалимдер үчүн атайын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн түзгөн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем. Тасманы көргөндөн кийин тарыхыбызды дагы тереңирээк изилдеп, окуу канчалык маанилүү экенин түшүндүм. Тасманы абдан толкундануу менен, көзүбүзгө жаш алып көрдүк. Биз, мугалимдер, улуу инсандарды тарбиялап өстүрүшүбүз керек», — деп белгиледи мэрдин орун басары Рахат Мусаева.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү