БИШКЕКТЕ “МЕНИН ДЕН СООЛУГУМ – МЕНИН УКУГУМ” АТТУУ ЧУРКОО БОЛДУ

  • 07.04.2024
  • 0

БИШКЕКТЕ “МЕНИН ДЕН СООЛУГУМ – МЕНИН УКУГУМ” АТТУУ ЧУРКОО БОЛДУ7-апрелден 13-апрелге өлкөбүздүн бардык аймактарында “Ден соолук жумалыгынын”  сергек жашоого, оорулардын алдын алууга, спорт маданиятын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар өткөрүлөт.

6-апрелде Бишкек шаарында жыл сайын 7-апрелде белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн белгилөөнүн алкагында “Менин ден соолугум – менин укугум” аттуу чуркоо болуп өттү.

Ден соолук жарышына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Ливиу Ведраско, Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөбүздүн даңазалуу спортчулары, спорттук күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш байге ээлери Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов жана дүйнө, Азия чемпиону Жоламан Шаршенбеков, медицина жана билим берүү кызматкерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, шаар тургундары  катышты.

БИШКЕКТЕ “МЕНИН ДЕН СООЛУГУМ – МЕНИН УКУГУМ” АТТУУ ЧУРКОО БОЛДУБул иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДСУ) менен биргеликте өткөргөн “Ден соолук жумалыгынын” башталышындагы массалык жарыш болду.

Жалпы спорт күйөрмандары катышкан жарыштын алкагында «Ден соолук чатырлары» уюштурулуп, катышуучулар өздөрүнүн ден соолуктарынын негизги көрсөткүчтөрүн, ал-абалын текшерүүгө да мүмкүнчүлүк алышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өз сөзүндө, “Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү” ар бир адамдын ден соолугуна кам көрүүнүн маанилүүлүгүн эскертип, мындай деди:

«Биз жарандарыбызга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө, жарандарды сергек жашоого кызыктырууга, экологиялык чөйрөнү жакшыртууга жана коргоого милдеттүүбүз. Пандемия учурунда биз ар бир жаран жалпы коомдун саламаттыгы үчүн жооптуу экенине күбө болдук. Ал эми ар бир жарандын ден соолугу – физикалык жактан активдүү жарандардан турган коомубуздун күчү, ресурсу жана эртеңи», — деди ал.

БИШКЕКТЕ “МЕНИН ДЕН СООЛУГУМ – МЕНИН УКУГУМ” АТТУУ ЧУРКОО БОЛДУАкылбек Жапаров соңку кездери жугуштуу эмес оорулар көбөйүп, мындай оорулуулардын жашарып, күчалып баратканын улап, оорулардын алдын алуу үчүн сергек жашоо ыңгайын жайылтуу зарылдыгын белгиледи.

«Кыргызстан төрт мезгилде тең спорт менен машыгууга ыңгайлуу өлкө. Өлкө боюнча миңдеген спорт залдар, оюн аянтчалары, стадиондор, аянтчалар жана бассейндер иштейт. Президенттин тапшырмасы менен алыскы айылдарда Бишкектегидей бардык спорттук шарттары бар жаңы мектептер курулуп жатат», — деди ал.

Сөзүнүн аягында министрлер кабинетинин башчысы өлкөнүн спорт тармагындагы жетишкендиктерин баса белгилеп, ар бир жаранды спортту күнүмдүк жашоосуна кошуп, ден соолугу үчүн кам көрүүгө чакырды.

БИШКЕКТЕ “МЕНИН ДЕН СООЛУГУМ – МЕНИН УКУГУМ” АТТУУ ЧУРКОО БОЛДУКР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө дене тарбия көнүгүүлөрүн ар бир адам күнүмдүк жашоосуна киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстандын бардык жарандары ден соолугу чың болуп, сергек жашоого укуктуу жана алар өздөрү физикалык жана психикалык саламаттыгына кам көрүүгө милдеттүү.

-Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ар бир адамды жашоосунда оң өзгөрүүлөрдү жасоого жана ден соолугуна активдүү кам көрүүгө чакырат. Ден соолук биздин эң баалуу байлыгыбыз, ал эми физикалык активдүүлүк сергек жашоо ыңгайынын негизги компоненттеринин бири.  Бүгүнкү  ден соолукка чакырган жарышыбызды колдоо көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирем жана “Ден соолук күнүнүн” алкагында биз уюштурган иш-чараларга дагы кимдер катышат. Биз биргеликте гана активдүү жана дени сак коомду түзө алабыз,-деди министр.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму Кыргыз Республикасындагы өкүлү Ливиу Ведраско да бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, быйылкы Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнүн “Менин ден соолугум – менин укугум” ураанынын маанилүүлүгүн эске салды.

-Чындыгында, ден соолук бул жөн гана сыймык эмес, бул ар бир адамдын негизги укугу, ал ар бир адам үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Бүгүн биз жарыш үчүн эле эмес, эң негизги укугубуз болгон ден-соолукка болгон берилгендигибизди дагы бир жолу ырастоо үчүн жарыш сызыгында бирге турабыз. Эсиңиздерде болсун, биздин бүгүнкү ар бир кадамыбыз бизди ден-соолукта болууга жана бактылуу келечекке жакындатат, — деди Ливиу Ведраско.

БИШКЕКТЕ “МЕНИН ДЕН СООЛУГУМ – МЕНИН УКУГУМ” АТТУУ ЧУРКОО БОЛДУДен соолук марафонуна 2 миңден ашык адам катышканын айта кетели.

БИШКЕКТЕ “МЕНИН ДЕН СООЛУГУМ – МЕНИН УКУГУМ” АТТУУ ЧУРКОО БОЛДУБИШКЕКТЕ “МЕНИН ДЕН СООЛУГУМ – МЕНИН УКУГУМ” АТТУУ ЧУРКОО БОЛДУ7-апрелден 13-апрелге чейин созула турган “Ден соолук жумалыгынын” алкагында өлкөнүн ар бир аймагында сергек жашоого, оорулардын алдын алууга, спорт маданиятын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар өткөрүлөт.

Билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мектептерде, кесиптик техникалык окуу жайларда, колледждерде жана жогорку окуу жайларда эмгектеген дене тарбия мугалимдери, кызматкерлер да бул иш-чараны өткөрүүгө салымдарын кошмокчу.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”БИШКЕКТЕ “МЕНИН ДЕН СООЛУГУМ – МЕНИН УКУГУМ” АТТУУ ЧУРКОО БОЛДУ

БИШКЕКТЕ “МЕНИН ДЕН СООЛУГУМ – МЕНИН УКУГУМ” АТТУУ ЧУРКОО БОЛДУ

БИШКЕКТЕ “МЕНИН ДЕН СООЛУГУМ – МЕНИН УКУГУМ” АТТУУ ЧУРКОО БОЛДУ

БИШКЕКТЕ “МЕНИН ДЕН СООЛУГУМ – МЕНИН УКУГУМ” АТТУУ ЧУРКОО БОЛДУ

Бөлүшүү

Комментарийлер