БИШКЕКТЕ ХОККЕЙ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ

  • 06.03.2024
  • 0

БИШКЕКТЕ ХОККЕЙ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ10-16-март күндөрү Бишкек шаарында үчүнчү дивизиондун («А»тайпасы) командалары арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.

Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынын президенти, Улуттук Олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти Анвар Оморканов  билдиргендей, жеңиш үчүн алты өлкөнүн — Кыргызстан, Мексика, Түштүк Африка, Люксембург, Түркмөнстан жана Таиланддын командалары мөрөй талашат.

Бул беттештерде Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы экинчи дивизионго чыгуу үчүн күч сынашат. Командалар бири-бири менен бир айлампада ойношот.

Кыргызстандын хоккей чеберлер командасы беттеше турган күндөр:

  • Кыргызстан — Таиланд, 10-март, саат 20:00;
  • Кыргызстан — Люксембург, 11-март, саат 20:00;
  • Кыргызстан — Түркмөнстан, 13-март, саат 20:00;
  • Кыргызстан — Мексика, 14-март, саат 20:00;
  • Кыргызстан — Түштүк Африка Республикасы, 16-мартта саат 20:00дө беттешет.

Оюндар «Бишкек Арена» шаардык муз аянтчасында өткөрүлөт. Дареги: Виноградная көчөсү 1/3. Мелдеште жеңип чыккан команда экинчи дивизионго (Б тобу) жолдомо алат.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”БИШКЕКТЕ ХОККЕЙ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
БИШКЕКТЕ ХОККЕЙ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ

БИШКЕКТЕ ХОККЕЙ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ

Бөлүшүү

Комментарийлер